Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-декабрь
Нарын облусуАт-Башы району 07.12.2018 13:00 На русском

Айыл турмушу: Ата-бабадан калган көк бөрү оюну жанданып келе жатат, - улакчы Камбар Асыгалиев (сүрөт)

Turmush -  25 жаштагы Камбар Асыгалиев 5 жылдан бери көк бөрү ойнойт. Командасы менен ийгиликтерди багындырып жаткан улакчы көк бөрү оюну жанданып келе жатканын аймактык кабарчы менен болгон магенинде айтып берди.

Камбар 1993-жылы Ат-Башы районуна караштуу Ача-Кайыңды айылында төрөлгөн. Мектепти аяктагандан бери мал чарбасын өнүктүрүүнүн үстүндө эмгектенип келет. 2013-жылдан бери көк бөрү ойногон Камбар ата-бабадан калган оюндун келечеги кең деп ишенет.

«2013-жылы Босого жайлоосундагы Коёнду-Колот деген жерде көк бөрү болду. Ошондо биринчи жолу ойноп, кызыгып кеттим. Кудайга шүгүр, жакшы ийгиликтерге жетишип келе жатабыз. Райондун ичиндеги, Нарын шаарындагы мелдештерге катышабыз. Кээде 1-орун, айрым учурларда 2-орунду алып калабыз. Жакында эле Нарын облусунун 150 жылдыгына арналган мелдеште "Долон" командасы менен ойноп, 2-орунду утуп алдык. Мен ортодо жакшы ойнойм, чабуулчу деле болом. Көк бөрү ата-бабабыздан калган кыргыздын улуттук оюну. Чынында спорттун башка түрүнө шыгым жок.

Жакшы көк бөрүчү болуу ар бир адамдын өзүнөн деп ойлом. Жакшы ойлонуп, атты башкарганды, камчылаганды жакшы өздөштүрсө эле жеңиш анын командасында болот. Жерге эңкейгендин дагы эрежеси бар. Өзүңдү бош ташташың керек, эгер тырышсаң эңкейсең деле жерге жетпейсиң. Көк бөрүдө өзүңдүн кызыкчылыгың жана намыс үчүн ойнойсуң», - деди ал.

Камбардын айтымында, улакчылар оюнга 10 күн калганда даярданып башташат.

«Буйруса көк бөрүнүн келечеги кең болот. Мындан 5-6 жыл мурда Нарын облусунда бул оюн көп деле кызык эмес болчу. Андан бери чоң жакшы аттар келип, айылдар арасында мелдеш уюштурулуп, йигиликтерге жетишип жүрөбүз. Оюнга аз калганда аттарды жылуу сарайга кармап, бастырып, жакшы көңүл бурабыз. Ага жакшы кам көрүлсө, жакшы ойноп берет. Атты карабай койсо, оюнчу жакшы болсо да, ат алсыз болуп калат. Айрым учурларда оюнчу алсыз, ат күчтүү болуп калат. Ошондуктан 10 күндүн ичинде даярданып, бири-бирибизге көнөбүз», - деди ал.

Көк бөрүчү үй-бүлөлүү, 1 кыз жана 1 уулдун атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×