Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-октябрь
Нарын облусуНарын району 07.12.2018 11:45

Ч.Айтматов ааламына саякат: Эмгек-талаалыктар уюштурган өзгөчө иш-чарадан фоторепортаж

Turmush -  Нарын районунун Эмгек-Талаа айылындагы Керимбай уулу Сарыбай атындагы орто мектебинин мугалимдери жана окуучуларынын демилгеси менен залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган облустук деңгээлде иш-чара өттү, деп билдирди аймактык кабарчы.

Иш-чарага өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жаркын Ибраева, Нарын облустук администрациясынын аппарат жетекчиси Жыпара Жээналиева, белгилүү төкмө акын Баян Акматов жана ата-энелер катышты.

Бул иш-чара кыштын ызгаар суугуна карабай боз үй тигилип, жолго катары менен гүлдөгөн бактар отургузулуп, көчө бойлой Ч.Айтматовдун чыгармаларындагы жашоону чагылдырган сүрөт көргөзмөсү менен айырмаланды. Айылдагы ардагер мугалим үйүнүн алдына өзүнүн үй-бүлөсү менен бирге жазуучуну эскерип, анын чыгармаларынан үзүндү айтып, атайын көргөзмө куралдарын жасап, неберелери көркөм ыр окуп беришти.

Андан соң иш-чара айылдын маданият үйүндө уланып, атайын алыстан келген төкмө акын Баян Акматов куттуктоо сөзүн ырга салып айтып, айыл элине ыраазычылык билдирди. Окуучулар «Эрте келген турналар» чыгармасын ата-эне, мугалимдери менен бирге сахналаштырышты.

Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жаркын Ибраеванын айтымында, мындай иш-чара облуста эле эмес, республикада өтө элек.

«Өзүбүз күбө болгондой бүгүнкү бул айылдагы улуу жазуучубуз Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына арналган иш-чара өзгөчө болду десем жаңылышпайм. Анткени мектеп жамааты эл менен бирге чоң масштабдуу иш-чараны уюштурушуптур. Иш-чаралар бир имараттын ичинде адаттагыдай эле өтүп келсе, бүгүн айыл ичинде, көчөлөрдө өзгөчө даярдыктар менен өтүп жатканы мени эле эмес, конокторду дагы кубандырды. Көчөлөргө гүлдөгөн бактар отургузулуп, боз үйлөр тигилип, көргөзмөлөр, прогаммалар даярдалган. Эшиктин ызгаар суугуна карабастан, айрым чыгармадагы эпизоддор көчөдө чагылдырылып жатты. Айылга кирип келгенде эле Ч.Айтматовдун чыгармаларына аралашып жүргөндөй сезимдер болду. Көчөдө атайын арабалары менен жүргөн эл, чыгармадагы Илияздын унаасы, илгерки ичик, тебетей, жоолук жана башка формалар бизди Айтматовдун ааламына аралаштырды. Негизи бул айыл ынтымактуу айыл экенин билип келгенбиз. Бүгүнкү иш-аракеттери менен дагы бир ирет көрсөтө алышты. Айыл башчысы, мектеп директору, мектеп жамааты, окуучулар эне-аталары менен бирге креативдүү даярданышыптыр. Мындай иш-чара облустта эле эмес республикада алгачкы ирет болуп жатат десем жаңылышпайм», - деди Ж.Ибраева.

Иш-чаранын соңунда активдүү катышуучуларга жана дайыма көмөк көрсөтүп, салымын кошуп келген айыл тургундарына сыйлоо барактары тапшырылды.

Ал эми Керимбай уулу Сарыбай атындагы орто мектебинин директору Назира Сатманбетова бул иш-чара элдин, окуучулардын, ата-энелердин, мектеп жамаатынын талыкпаган эмгегинин жыйынтыгы экенин белгиледи.

«Кыргыз элинин улуу жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган семинарыбызды облустук деңгээлде өткөрөбүз деп болгон аракетибизди жумшадык. Келген конокторго эле эмес, өзүбүзгө, деги эле элибизге өтө кызыктуу болду. Аткаруучулар даярданып баштагандан тарта образга кирип жатышты. Бул иш-чара жалпыбызга жакшы сезим калтырды деп айта алам. "Эрте келген турналар" чыгармасы сахналаштырылып жатканда көрүүчүлөр берилүү менен көрүп, айрымдары көзүнө жаш алды. Айыл эли дагы колдоо көрсөтүп, демөөрчүлүк кылып жатышты», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×