Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-декабрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 06.12.2018 17:59 Жаңыланды: 06.12.2018 22:58

Сүйгөн кызы өз жанын кыйганын уккан соң, өзүн атып өлтүргөн 21 жаштагы жигиттин акыркы каты жана туугандарынын версиясы

Turmush -  Ысык-Көл облусунда 19 жаштагы Нурзат (аты өзгөртүлдү) аттуу сүйлөшкөн кызы асынып каза болгонун уккандан кийин өзүн атып өлтүргөн Нурбектин (аты өзгөртүлдү) туугандары окуя тууралуу өз версияларын Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына айтып беришти.

Алардын айтымында, Нурбек 1997-жылы туулган. Атасы көп жыл мурун каза болгон. Маркум 5 бир туугандын экинчиси болчу. 2-классынан баштап Бишкек шаарында медреседе окуган. Ал 9 жылдык болгондуктан, 10-11-классты Жети-Өгүз районундагы мектептердин биринде окуп бүткөн.

«Нурбек 5 убак намаз окуп, куранды кооз окучу. Окууну бүткөндөн кийин аскерге кеткен. Аскер кызматын өтөп бүткөн соң, ошол жакта жакшы кызмат өтөгөнү үчүн иштөөгө алып калышкан. Биздин билишибизче Нурзат менен аскерге кетердин алдында таанышкан. Аскердик кызматын өтөп бүткөндөн кийин айылга 2-3 күнгө эле келип, кайра кеткен. Ошондон бери аскер адамы болгондуктан айылга кээде эле, аз убакытка келчү. Кыз каза болоордон бир күн мурун экөө жолуккан экен. Жумушунан оңой менен жибербегендиктен ал командирлеринен «апам ооруп жатат» деп суранып кеткен. Нурбек ошол күнү келип, кайра ошол күнү эле кеткен.

Биздин угушубузча сүйлөшкөн кызын башкага кудалап бергени жатышкан. Бирок экөө жолукканда эмне жөнүндө сүйлөшкөнү белгисиз. Бирок кыз «мен өлөм, мени башка жигитке берген жатышат» деген деп ойлойбуз.

Нурбек Бишкекке барып, кадимкидей эртең менен саат 07:30да жумушка барат. Бирок айылдагы досторуна таң атпай саат 05:30дан баштап чалып, «айыл тынч элеби? Кыздын үйүн карап койгулачы» деп улам-улам сураган. Эгер кыз өлөм деп коркутпаса, ал телефон чалып сурабайт эле. Акыркы жолу досуна чалганда ал кыздын үйүндө боз үй тигилип турганын айткан, ошондон кийин ал өзүн өзү атып салган», - дешет алар.

Туугандарынын айтымында, окуя болгон күнү Нурбек апасына телефон чалып сүйлөшкөн.

«Ошол күнү саат 08:28 чамасында апасына чалып, адаттагыдай абалын сурап сүйлөшкөн. Ошондон кийин 2 мүнөт өткөндө өзүн атып салган экен. Биздин угушубузга караганда, асынып өлгөн кыздын апасы боз үйдө «кызды жайына эле койсом болмок» деп ыйлап айтканын угушкан. Алар деле кыздын Нурбек менен сүйлөшүп жүргөнүн билишкен. Достору жана курбулары деле билишкен, себеби кыз каза болгондон кийин анын курбулары Нурбекке телефон чалып, «сенин айыңдан өлүп калды» деп айтышкан.

Биз алар жазышкан СМС билдирүүлөргө ишенбейбиз, себеби Нурбектин телефонун иштеген жеринде алып калышкан. Мындан сырткары, анын жазган билдирүүлөрүн калтырып, кыз жазгандардын кээ бирлерин өчүрүп коюшкан. Экөөнүн жазышкандарын бирдей ачыктоо керек болчу. Нурбек «сүйүүбүзгө каршы болгондорду эки дүйнөдө кечире албайм. Балким экөөбүздү өз жайыбызга койгондо бактылуу болуп жашайт белек» деп жазган.

Экөөнүн окуяларын бир гана кудай билет. Бирок өкүнүчтүүсү кыз тарап баланы күнөөлөп жатканында. Биздин оюбузча кыздын апасы Нурбекке кызын бергиси келген эмес.

Ал эми командирлер Нурбекти акыркы сапарга узатууга келгенде анын аябай жакшы жигит болгонун айтышты. Анын адамдар менен бат тил табышканын, жада калса кызмат өтөгөн жердеги иттерди карап, аларга дайыма тамак берип турганын айтышты», - дешти туугандары.

Ал өзүн атып өлтүрөр алдында төмөндөгүдөй кат жазып кеткен (текст өзгөртүүсүз берилет):

«Апа, Айбек аба (аты өзгөртүлдү), жеңе, туугандарым мени кечиргиле, мен силерге айтпай кеткен болсом? Апа ак сүтүңдү актай албадым. Азыркы жеңил ойлук кылып аткан нерсем туура эмес. Бирок ушундай болуп калды. Апа мени кечиргиле? Мен силерди аябай жакшы көрөм.

Жигит үчүн намыс эмеспи эң башкысы. Мен сүйгөн адамым Нурзат (аты өзгөртүлдү) бул дүйнөдө жок болгондон кийин мен жер үстүндө басып жүрө албайм.

Балким менин сүйгөн адамым кандайдыр бир адамдарга таарынып, ушундай жолго баргандыр. Балким ошол адамдар жайыбызга койгондо бактылуу болуп жашайт белек. Сүйгөнүмдүн каза болгонуна себепкер болгон адамдарды эки дүйнөдө кечире албайм.

Апа, Айбек аба, Калыс, Гүлназ, Асель (аттары өзгөртүлдү) жана менин курсант досторум мени кечиргиле, мен силерди таштап кеткеним үчүн?

Мен жакшы көргөн Эмил жана Айдана жеңе (аттары өзгөртүлдү) мен силердин жакшылыгыңарды эч качан унутпайм силердей адамдар бар болсун. Жеңем экөөңө аябай ыраазымын, мени кечирип койгула??? Силерге айтпай кеткеним үчүн.

Апа, мени кечиргиле, мен бул кылып жаткан нерсе менен биздин тукумубузду уят кылдым.

Буга чейин асынып каза болгон 19 жаштагы Нурзаттын өлүмү боюнча туугандары өз версияларын айтышкан.

Алардын айтымында, Нурзат [Н.Н., аты өзгөртүлдү] Жети-Өгүз районундагы орто мектепти аяктап, Каракол шаарындагы медициналык колледжде 2-курста окуп жаткан. Ал үй-бүлөдө төрт бир туугандын экинчиси болчу. Андан кийин эки бир тууганы бар. Ата-энеси дыйканчылык менен алектенишет. Нурзатты туугандары жоопкерчиликтүү, дайыма жардам берүүгө умтулган кыз болгонун айтышат.

«Нурзаттын Нурбек менен сүйлөшүп жүргөнүн эч ким билген эмес, ал жада калса курбуларына, эжесине дагы айткан эмес. Анын телефону код менен гана ачылчу. Биз анын өлүмүнөн кийин телефонун ачып, Нурбек менен кат жазышканын көрдүк. Анда Нурбек айыкпас оору менен жабыркаганын айтып, анын жашоосу аз калганын жана жакында өлөрүн айткан. Нурзат өз кезегинде дарыгерлерге барып көрүнүү керектигин жана баары жакшы болорун айткан. Жигит бул боюнча дайыма жазып, бирок эмне диагноз экенин айткан эмес», - дешет жакындары.

Алар белгилешкендей, 28-ноябрда Нурбек Нурзат менен жолугуу үчүн Беловодск айылынан келген.

«Нурзат Каракол шаарындагы кичи райондордун биринде эжесинин үйүндө жашап жаткан. 28-ноябрда жигити менен жолуга турганын эч кимге айткан эмес. Ошол күнү ал айылдагы ата-энесинин үйүндө болгон. Ал эми ата-энеси улуу эжеси жана анын баласы менен ооруканага Бишкекке кетишкен. Алар Бишкектен айылга бара жатканда Нурзатка атасы телефон чалып, кеч болуп кете электе Караколго чыга беришин өтүнгөн. Нурзат айылдан чыгып жатканын Нурбекке жазган. Ал эми саат 20:30 - 21:00 чамасында Нурбек менен жолуккан.

Кийинки күнү Нурзаттын ата-энеси Караколго келишип, алар үй-бүлөсү менен бирге конокко барышкан. Конокто Нурзат ата-энесине телефонун жоготуп алганын айткан. Бирок анын WhatsApp номуру онлайн болуп турган, демек кимдир бирөө анын телефонун текшерип жаткан. Болжол менен саат 17:30 чамасында алар коноктон чыгып, ата-энеси кыздарын Каракол шаарындагы үйгө таштап, өздөрү айылга кетишкен», - дешти алар.

Үйгө келгенден кийин Нурзат эжесине кичи автобустун айдоочусунан телефонун сурап келерин айткан. Ал телефонун балким ошол унаадан жоготуп алгам деп ойлогон. Ал эми эжеси эрте келишин суранып, башка жакка конокко кетерин билдирген. Бир аз убакыт өткөндөн кийин улуу эжеси Нурзатты күтпөй эле конокко кеткен. Жолдон ал кызыл куртка кийген бала менен турган Нурзатты көргөн.

Эжеси унаадан түшкөндө ал жигит Нурзаттын жанынан ары баскан. Ал эми Нурзат ыйлагандыктан көзү шишип чыкканын көргөн. Эжеси Нурзатка тезирээк үйгө баруу керектигин айткан. Ал эми жоголгон телефону анын колунда болгон. Эжеси андан ары конокко кетип, ал жактан Нурзатка телефон чалганда өчүк болгон. Коңшусунан Нурзатты үйүнөн карап берүүнү өтүнүп, бир аз убакыт өткөндөн кийин кошунасы эшикти эч ким ачпай жаткандыгын билдирген. Ал ачкыч менен ачууну өтүнгөн, бирок эшик үйдүн ичинен бек болгон. Мындан улам ал дароо үйүнө жөнөгөн», - дешти жакындары.

«Достор, туугандарым менен эшикти талкалап кирдик. Кирсек, Нурзат эшикте өзүнүн шарфына асынып алган экен. Эмне үчүн ал өзүн өлтүргөнү бизге белгисиз. Анын Нурбек менен жазышканына караганда ал жигитинин оорусунан улам, жакында өлөрүн жазгандыктан ушундай кадамга барды деп ойлоп жатабыз. Ал бир нерсени жүрөгүнө абдан тез кабыл алган кыз болчу. Балким ал жигити жок жашагысы келбегендир», - дейт каза болгон кыздын эжеси Аида (аты өзгөртүлдү).

Каза болгон кыздын бир туугандарынын айтымында, эгер Нурбек Нурзат менен жазышкандай чынында эле айыкпас оору менен жабыркаса, анда аны аскерге алышмак эмес. Мындан тышкары, аскердик кызматта жарым жыл сайын медициналык кароодон өтүп турушат, эгер оорулуу болсо кароодон өтпөй, кызматтан бошотулмак.

«Жигит Нурзат менен жөн гана ойноп жатып, ушундай болду. Анын айткандарынан улам Нурзат асынып каза болду. Биз анын каза болгонуна ишенбей жатабыз. Азыркыга чейин шок абалдабыз», - деди туугандары.




Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×