Бөлүмдөр
Ишемби, 15-декабрь
Ош облусуНоокат району 06.12.2018 17:55 Жаңыланды: 07.12.2018 09:10 На русском

10 кызды өстүргөн ноокаттык жубайлар 9 күйөө балалуу болушту (сүрөт)

Turmush -  Ноокат районундагы Ак-Булак айылынын 59 жаштагы тургуну Мейилкан Жотоева менен Калмамат Шайыков 10 кыздын ата-энеси. Тогуз кызын турмушка узатып, учурда 20 неберенин таене-таятасы болушту.

Жубайлар кыздарына: Малика (1980-жылы төрөлгөн), Жумагүл (1982-жылы төрөлгөн), Гүлжан (1984-жылы төрөлгөн), Нуржамал (1986-жылы төрөлгөн), Бурул (1988-жылы төрөлгөн), Бегимай (1990-жылы төрөлгөн), Уулай (1993-жылы төрөлгөн), Жаңылай (1995-жылы төрөлгөн), Канышай (1997-жылы төрөлгөн), Канымгүл (2000-жылы төрөлгөн) деген ысымдарды ыйгарышкан. Кыздары атасы менен көп сырдаша турганын аймактык кабарчыга М.Жотоева айтып берди.

«20 жашымда өзүбүздүн эле айылдык жигитке турмушка чыккам. Төрөгөндө сурачу эмесмин, дарыгерлер гана “дагы кыз болуп калды” деп коюшчу. Кайын журтум уул бала күткөнүн айтканда, жолдошум “биз көнүп калганбыз, кыз бала мээримдүү болот” деп жооп берип койчу. Онунчу кызыбыз төрөлгөндө атасы “каным жалаң гүл экен” деп, Канымгүл деген ысым койгон.

Он кызды чоңойтуу үчүн колхоздун тамекисинен сырткары кошумча акча болсун деп, 1 гектар жерге кызылча өстүрдүк. Түнкүсүн тамеки тизсем, күндүз камыр жууруп коюп, ал ачыганга чейин кир жуучумун. Күндүз бошоп калганда буюртма менен көйнөктөрдү тигип жүрдүм.

Кыздарымды сыртка иш кылгыла деп чыгарып койсом тынчып калышчу. Бирок сыртка издеп чыксаң шыпыргылары көчөдө калып, өздөрү тоого чыгып кетишкен болот. Ал жактан “апалап” кыйкырып калышат. Мени урушпасын деп кечкисин ойноп кайтканда чыбыкты отун кылып сүйрөп алышчу.

Улуу кызым гана жогорку окуу жайда билим алып, кийинкилери атасына жардам беребиз деп окушкан жок. Менин чеберчилик өнөрүмдү жолдоп кетишти», - деди Мейилкан Жотоева.

Кыздарынын арасында эркектин жумушун аткарып, эркек мүнөз болуп калгандары да бар. Айрым кыздары турмушка чыкканга чейин көйнөк кийбей, үй ичиндеги жумуштарды жасабастан, атасына жардам беришкен.

«Атасына караганда мен катуу тарбиялап, урушуп турчумун. Эки жолу эскертүү берип, үчүнчүсүндө жазалап койчумун. Кыздарыбыз тентек болуп өсүштү. Бир ирет эки улуу кызымды ээрчитип алып, талаага кеткенбиз. Үйгө келсек бир кызым менин тойдо кийген фатамды кийип, дагы бири атасынын тебетейин кийип, той уюштуруп жүрүшүптүр. Дагы бир жолу камалып турган кочкорлордун арасына кирип ойноп жатып, бир кызым кочкорго минсе анын бели сынып кетиптир. Ушундай тентек болушса да атасы катуу урушкан жок. Азыр да кыздар мага караганда атасы менен көп сүйлөшөт. Үч кызым эркек мүнөздүү болуп, балдар менен тең тайлашып урушуп турчу. Алар учурда созулган эне болушту.

Кыздарым жолдошум экөөбүздү ажылык сапарга жөнөтүп, күйөө балдарыбыз чоң той менен тосуп алышты», - деп кошумчалады.

Учурда жубайлардын эң кичүү кызы студент.

«Кыздарым "турмушка чыкпай, силерди багам" деп айтып калышчу. Эң кичүү кызым да азыр ошентип калат», - деди Мейилкан Жотоева.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×