Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-декабрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 06.12.2018 14:50 На русском

Караколдо үйлөнүү тойго келген мейман бийлеп жатканда каза болду

Turmush -  Ысык-Көлдүн Каракол шаарындагы ресторандардын биринде бийлеп жаткан мейман каза (эркек киши) болду. Turmush басылмасына булактар аркылуу маалым болгондой, маркум Бишкектин тургуну болчу.

Анын өздүгү такталып, 1964-жылы туулган К.З. жээнинин 2-декабрдагы үйлөнүү тоюна катышуу үчүн Караколго келгени маалым болду. Той учурунда бийлеп жатканда өзүн жаман сезип, эс-учун жоготкондо жерге кулап түшкөн. Аны дароо ооруканага жеткиришип, бирок дарыгерлер көз жумганын айтышкан. Анын денеси ошол түнү Бишкектеги үйүнө жөнөтүлдү.

Алдын ала маалыматтар боюнча, маркум кант диабети менен жабыркап жүргөн. Тойдо кант диабет оорусу козголуп, жүрөгү да токтоп калган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×