Бөлүмдөр
Ишемби, 15-декабрь
Чүй облусуКемин району 06.12.2018 13:57 На русском

Ак-Суу РИИБдеги бөлүм башчы жаш жигитти унаасы менен сүзүп өлтүрүп, өзү качып кеткен (сүрөт)

Turmush -  Ысык-Көлдөгү Ак-Суу РИИБдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн башчысы кармалды. Аны ИИМдин ички иликтөө кызматынын өкүлдөрү колго түшүргөн.

Кармалган жетекчи жаш жигитти унаасы менен сүзүп өлтүргөн деп айыпталып жатканын Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы бүгүн, 6-декабрда билдирди. Окуя 3-декабрга караган түнү саат 02:00 чамасында Торугарт—Бишкек унаа жолунда болгон. Күмүш түстүү унаа жаш жигитти сүзүп, айдоочу окуя болгон жерден качып кеткен. Ал эми жабырлануучу көп узабай көз жумган болчу.

Кийинчерээк маркум жигит өзүнүн бузулуп калган унаасын түртүп жатканда унаа сүзүп кеткени белгилүү болгон.
Адам өлүмүнө байланышкан факты боюнча Ысык-Ата РИИБ КРнын Кылмыш-жаза кодексиндеги 281-берене (транспорт каражаттарын эксплуатациялоо жана жол коопсуздук эрежесин бузуу) менен кылмыш иш козголгон. Алгач адамды сүзүп өлтүргөн унааны 63 жаштагы жергиликтүү тургун башкарып жүргөнү тууралуу маалымат айтылып, бирок ошол райондогу видеокамералардын жардамында унааны жаш жигит башкарып жүргөнү белгилүү болгон. Ыкчам тергөө иштеринин алкагында шектүү — милициянын прапорщиги М.О. кармалды. Ал сурак учурунда күнөөсүн мойнуна алган.

Учурда бул факты боюнча Ысык-Ата РИИБдин кызматкерлери тергөө иштерин жүргүзүп жатышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×