Бөлүмдөр
Ишемби, 15-декабрь
Чүй облусуКемин району 06.12.2018 12:48 На русском

«Жаштар айылдын атын айткандан уялышат»: Чым-Коргондун жашоочулары тасманын аталышына нааразы (сүрөт)

Turmush -  Чүй облусунун Кемин районуна караштуу Чым-Коргон айылынын тарыхы Улуу Жибек жолу дооруна жана Ормон хандын мезгилине барып такалат. Мындай бай тарыхы бар айылдагы жашоочулардын көйгөйү менен аймактык кабарчы таанышты.

Айыл өкмөт башчысы Эмил Макеевдин айтымында, Чым-Коргондогу жаштар башка жерлерге барганда айылдын атын айткандан уялып, кеминдик же токмоктук экенин айтышат. Айрымдар Чым-Коргондун тургуну экенин айтып, шылдыңга кабылган.

«Биздин айылдын аталышындагы тасма тартылып жатыптыр. Айылдын эли тасманын атына кыжаалат болуп жатышат. Мунун себептери бар. Анткени айылдагы жаштар эки жакка барганда "чым-коргондукпуз" десе шылдыңга калышат экен. Ошондон уялып жаштар айылдын атын айтпайт. Бул тасма ого бетер чым-коргондук жашоочуларды шылдыңга калтырганы жатат», - деди ал.

Эмил Макеев айылда 6 миңге жакын адам жашаса, ал эми психоневрологиялык диспансерде 400дөн ашуун бейтап дарыланарын белгиледи.

«Бул ооруканага СССР боюнча кишилер келип дарыланчу. Азыр бүтүндөй Кыргызстандан келип дарыланышат. Ал эми өзүбүздүн айылдан ал ооруканага жаткандар жокко эсе. Чым-Коргон айылынын узундугу 8 чакырымга жетет, кенен жана чоң айыл. Айыл өкмөттө 2 бала бакча, 3 мектеп бар. Айылдын тарыхы Ормон хандын учуруна барып такалат. Чоң Чүй каналынын башы коргон менен корголгон. Ошол себептен айылдын аты Чым-Коргон болуп калган. Айылдын аталышы оорукана менен байланышы жок. Болгону айылга аталган ооруканага жайгашып калган», - деди ал.

Жашоочулардын бири Мирбек Макеевдин айтымында, ал жогорку окуу жайда окуп жүргөндө чым-коргондукмун деген сөзү үчүн күлкүгө калган.

«Чым-Коргон Кемин району боюнча эң чоң айылдардын бири. Мектептеги бир кабинетте айылдын тарыхын чагылдырган музей бар. Чым-Коргон айылы кечээ жакында эле түптөлгөн эмес. Чоң мааниси, бай тарыхы бар айыл. Илгери Жибек жолунун доору болуп турганда ары-бери өткөн соодагерлер ушул чымдан корголгон коргонго келип жатып, эс алып, андан ары жолун улашчу. Кичинчерээк акыл-эсинен жабыркагандардын ооруканасы жайгашкан. Тасманын атын "Чымкоргондук качкындар" эмес, "Ооруканадан качкандар" дешсе болмок. Көпчүлүктө "Чым-Коргондо жалаң акылы кем адамдар жашайт экен" деген түшүнүк калыптанышы мүмкүн. Ошондуктан биз бул тасманын аталышына каршыбыз. Бул айылда мыкты, билимдүү, патриот адамдар бар. Тасмада чым-коргондук жөнөкөй адамдарды тартса да мейли эле, акыл-эсинен ооруган адамдарды тартып, аны айылдын атынан жалпылап берип жатканы туура эмес. Ансыз деле биздин жаштардан каяктын кулуну экенин сурашса, Кемин же Токмокту айтышат. Айылды айтышса, "Чым-Коргондо сендей акыл-эси толук адамдар барбы?" деп шылдыңдап күлүшөт экен.

Мындай окуялар көп. Мисалы, мен Кыргыз улуттук университетинен билим алгам. Ошол кездеги ректор бизди чоң аудиторияга чогултуп, Кыргызстандын тарыхы жана башкалар жөнүндө лекция окуп, студенттерге да суроо берип жатты. Агайдын суроолоруна так, туура жооп берсем, кайсы айылдан, кайсы мектептен келгенимди сурады. Мен Чым-Коргондон келгенимди айтсам отургандардын жарымы күлүп жиберишкен. Айылдын аталышынан улам мушташа кеткен жаштар четтен табылат. Жаштар басынып жүргөндө бул тасманын тартылганы туура эмес», - деди ал.

Буга чейин 4-декабрь күнү Чым-Коргон айылынын жашоочулары Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдына нааразычылык билдирип чыгышкан болчу. Алар «Чымкоргондук качкындар» тасмасынын аталышына каршы болуп, аны өзгөртүүнү талап кылышкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×