Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-декабрь
Чүй облусуКемин району 06.12.2018 12:10 Жаңыланды: 06.12.2018 13:33 На русском

Улуту орус, жүрөгү кыргыз Андрей мал союп, жиликтейт жана көк бөрүдө мыкты оюнчу (сүрөт)

Turmush -  18 жаштагы Андрей Гоманов кыргыз тилинде так сүйлөп, көк бөрү ойнойт. Ал Чүй облусунун Кемин районуна караштуу Шабдан ата айылында төрөлгөн.

Кыргыздын улуттук оюндарын жакшы өздөштүргөн Андрейдин айтымында, бала кезинен эле көк бөрү ойногонго кызыкчу. Ал орус мектепте билим алганы менен орус тилине караганда кыргыз тилинде эркин сүйлөрүн аны менен таанышкан аймактык кабарчыга айтып берди.

«Мен 14 жашымдан тарта улак ойноп баштагам. Бала кезде каптардан улак жасап алып ойночубуз. Дос балдарым кыргыздар болгондуктан алар эмне кылса, мен да ошол ишти жасачумун. Өзүмдө да бул оюнга кызыгуум бар эле. Кичинемде атайын ат минип алып, жердеги таштарды, камчыны алып жүрүп үйрөнгөм. Мен орус мектепти бүтүргөм, бирок орус тилине караганда кыргыз тилинде эркин сүйлөйм. Өзүм орус үй-бүлөдө өстүм. Азыр орус тилиндеги анча-мынча сөздөргө түшүнбөйм (күлүп)», - деди Андрей.

Анын бир тууган карындашы бар. Ал эми кыргыз достору аны Анарбек деп атап алышкан.

«Досторум, тааныштар "сен орус эмессиң, кыргыз болуп калгансың" деп тамашалашат. Биз досторум менен Ат-Башы, Ысык-Көл, Нарынды кыдырып, көк бөрү ойнойбуз. Тайпада алдыңкы оюнчулардын катарындамын. Тойлордо айрымдар: “бул орусту карачы, улак ойногонду билет экен” деп айтып, “көк бөрүнү каяктан үйрөнүп алгансың?” деп сурашат.

Учурда өзүм таптаган эки жылкым бар. Бирөөсүн көк бөрү учурунда дос балама берем. Андан башка үйдө уй, койлорду багам. Айыл эли эмне тиричилик кылса, мен да ошонун баарын жасайм жана кыргызга таандык бардык салт-санааларды түшүнөм. Кыргыздын тойлоруна көп эле катышып жүрөм. Тушоо той, бешик той, жентек той, сүннөт тойлор кандай салт менен өтөөрүн да жакшы билем. Жылкы, кой союп, жиликтегенди үйрөнүп алгам. Кыскасы, менин улутум эле орус болбосо, кыргыз болуп кеткем», - деди Андрей Гоманов.

Андрейдин сүйүктүүсү кыргыз кызы. Ал сүйгөн кызы менен 16 жашында таанышкан. Эгерде кыргыз кызына үйлөнсө мусулман динин кабыл алууну каалап жатканын кошумчалады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×