Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-декабрь
06.12.2018 11:42

«Жеңеке»: Нарынга келин болгон Алёна кайын журтун аты менен таң калтырган (фото)

Turmush -  «Жеңеке» долбоорунун кезектеги каарманы — 38 жаштагы Асанакун кызы Алёна. Ал Ат-Башы районунун Кара-Суу айылынын тургуну. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал Нарын облусунун Ак-Талаа районунда төрөлгөн.

«Жолдошум Акматалиев Жапар менен Бишкекте тигүү цехинде иштеп жүргөндө таанышканбыз. Ал 1976-жылы Ат-Башы районунда туулган. Экөөбүз кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрүп, 1999-жылы баш коштук. Ал мени биринчи жолу үйүнө алып бара жатканда «Келиниңердин аты Алёна» десе туугандары таң калып, аябай күтүшүптүр. Айылга жаңы келин болуп келгенде кээ бири атымды угуп алып, атайын мени көрүү үчүн келгендер болуптур. Аны кийинчерээк билдим. Ошондой эле көбү «уй сааганды, ичеги-карын артканды билесиңби?» деп сурай беришчү. Менин атыма таң калгандан улам ушинтип сурашса керек деп ойлойм. Кайненемдин 80 жаштан өткөн апасы бар эле. Ал апа менин атыма тили келбей, мени Рома деп койчу», - дейт ал.

Анын айтымында, ага мындай ысымды апасы ыйгарган.

«Апам мени төрөп, төрөт үйүндө жатканда, жанында Алёна аттуу келин жаткан экен. Апама анын назиктиги, адамгерчилиги, мүнөзү абдан жагып, менде дагы ошондой сапаттар болсун деп мага Алёна деген ысым ыйгарыптыр. Бирок азыр апам: «сен тескерисинче эркек мүнөз, катуу сүйлөгөн, оюңдагыны ачык айткан кыз болуп калдың» деп айтат.

Атымды биринчи уккандар таң калып, атыңды ким койду эле деп сурашат. Башка улуттансызбы деп айтышат же кээ бирлери атымды уккандан кийин орусча сүйлөп башташат», - дейт ал.

Асанакун кызы Алёна 1 кыз, 3 уулдун апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×