Бөлүмдөр
Ишемби, 15-декабрь
Ысык-Көл облусуТоң району 06.12.2018 11:01

Ысык-Көлдү өнүктүрүү фонду 30 млн сомдон ашык каражатка Кажы-Сайдын жолун оңдоду (сүрөт)

Turmush -  Ысык-Көлдү өнүктүрүү фонду айыл жергесинин инфраструктурасын жакшыртуу демилгесин кеңири колдоп, жылына ири суммадагы акча каражаттарын жумшап келет. Мисалы, аталган фонддун каржылоосу менен Тоң районунун Кажы-Сай айыл аймагынын борбордук көчөсүнө толугу менен асфальт төшөлүп, жол кеңейтилди. Ошондой эле жолдун четиндеги суу өткөрүүчү лотоктор жарактан чыгып калгандыктан толугу менен жаңыртылды.

Союз мезгилинен бери Кажы-Сай айылында жолдорду оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлбөгөндүктөн чириген бак-дарактар жол кыймылына тоскоолдук кылып, унааларга кооптуу абал жаратып келген. Ал эми кошумча жөө адамдар өтүүчү тротуарлар жок болгондуктан адам өмүрүнө коркунуч жараткан учурлар дагы катталган. Жергиликтүү тургундардын айтымында, жаңы жолдун салынышы менен кооптуу абал жоюлуп, туристтердин келишине да жакшы шарт түзүлдү. Туризм жергиликтүү жашоочулардын негизги каражат булактарынын бири.

Жолдун курулушуна фонддун эсебинен жалпы 30 млн сомдон ашык акча каражаты жумшалган. Ошондой эле Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунан Кажы-Сай айылындагы бала бакчанын имаратына жылуулук системасын орнотууга, музей-галереянын ачылышына жана айыл чарба техникасын сатып алууга акча каражаттары бөлүнгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×