Бөлүмдөр
Ишемби, 15-декабрь
Ысык-Көл облусуТоң району 06.12.2018 10:26

Тоңдун Улахол айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо күнү белгиленди

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Улахол айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 7-декабрга белгиленди. Бул тууралуу Тоң аймактык шайлоо комиссиясынан билдиришти.

Маалым болгондой, шайлоодо эки талапкер ат салышат. Биринчиси — Акылбек Мамбеткеримов. Ал 1974-жылы Тоң районунун Кара-Талаа айылында төрөлгөн. Билими жогорку. Кыргыз агрардык академиясынын зооинженердик факультетин бүтүргөн. 2013-жылдан 2017-жылга чейин Улахол айыл өкмөтүнүн башчысы болгон.

Экинчи талапкер — Максат Тюменбаев. Ал 1983-жылы Тоң районунун Кара-Талаа айылында төрөлгөн. Билими жогорку. Акыркы жолу Улахол айылдык кеңешинин депутаты болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×