Бөлүмдөр
Ишемби, 15-декабрь
Баткен облусуБаткен району 08.12.2018 15:53 На русском

Айыл турмушу: Баткендик 26 жаштагы оператор Дастан тойлордо иштеп, айына 200 миң сомго чейин табат (фото)

Turmush -  Баткен районундагы Зарташ айылынын 26 жаштагы тургуну Акматали уулу Дастан 8 жылдан бери тойлорду, мааракелерди видеокамерага тартып иштейт. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, сезон учурунда айына 200 миң сомго чейин акча табат. Кесиби боюнча финансист. Бирок кесиби менен иштеген жок.

«2010-жылдан тарта эле оператор болуп иштеп баштадым. 2-3 жыл ар кайсы жерде иштеп жүрдүм. Кийин өзүмдүн той тартуучу студиямды ачтым. Өзүбүздүн кардарлар бар. Сезон учурунда айына 20-25 той чыгат. 1 күндө 2-3 тойго жетишип, тартып калабыз. Азыр топ түзүп алгам», - деди ал.

Той тарткан учурда ар кандай кызыктуу окуяларга туш болот.

«Ар кандай адамдар болот. Кээ бир тойдо келин өтө корс болот, кээде күйөө бала. Ал учурда алар менен айтыша албайсың. Бир жолу тойго барып, андагы кортеж менен атайын съемка тарта турган жайга барып карасак дронубуз жок. Анан кортежди айдатып, «тартып жатабыз» деп алдап койгонбуз. Кийин ошого окшош тартылган кортежди монтажга кошуп, жалганыбызды жапканбыз.

Флешканы унутуп калган учурубуз болот. Эгер өзүбүздүн фантазиябыз менен тартсак съемка ойдогудай чыгат. Бирок көпчүлүк учурда кардарлар өздөрүнүн сценарийлери менен келишет. Азыр эми ар бир тойдо сүйүү тарыхы деп тартылып калды. Ага да кызыккандар көп. Ар бир тойду бизде 10-12 миң сомго тартып, монтаждап беребиз», - деди ал.

Дастан мырза 2 кыздын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×