Бөлүмдөр
Ишемби, 15-декабрь
Баткен облусуКадамжай району 06.12.2018 09:35 На русском

Кадамжайдагы Миң-Чынар жаңы конушу 2 млн сомго электр энергия менен камсыз болду (фото)

Turmush -  Кадамжай районунун Ак-Турпак айыл өкмөтүндөгү Миң-Чынар жаңы конушундагы 100дөй кожолукка электр энергиясы берилди. Бул тууралуу айыл өкмөт башчысынын орун басары Мамажунус Сатыбалдыев билдирди.

Анын айтымында, буга чейин бул конушта электр энергиясы жетишсиз болгон. Ага жалпы 2 млн сом сарпталды.

«Ак-Турпак айыл өкмөтүндөгү Миң-Чынар жаңы конушунда 100 кожолукка жер берилген. Учурда 70тен ашуун үй-бүлө жашап жатат. Буга чейин электр маселеси бар болчу. Аны чечүү максатында айыл өкмөттөн 1,5 млн сом бөлүнгөн. Ага кошо жергиликтүүлөр 500 миң сом чогултушкан. Натыйжада 2 млн сомдук иш аткарылды», - деди Сатыбалдыев.

Эми Миң-Чынар жаңы конушунун эли жарык менен камсыз болуп, окуучуларга да шарттар түзүлдү.

«Балдар мурда сабак окуй алышчу эмес. Электр энергиясынын кубаты аз болгону үчүн жада калса сыналгы күйчү эмес. Эми балдарга да жакшы болду. Эл өзүбүз да акча чогулттук. 2 трансформатор, 50 мамы, 2 чакырым электр чубалгыларын алдык», - деди конуштун тургуну Шайырбек Бектемиров.

Алдыда жаңы жылга чейин таза суу алып келүү жагы каралууда.

Ушундай эле көйгөй Баткен шаарынын Айгүл-Таш подстанциясында да бар. Бул жаңы конуштун түптөлгөнүнө 5 жыл болсо да электр энергиясы жетишсиз. Таза суу көйгөйү да чечиле элек.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×