Бөлүмдөр
Ишемби, 15-декабрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 05.12.2018 18:35 На русском

Караколдо 26 жаштагы жигит токко урунуп каза болду

Turmush -  Ысык-Көлдөгү Каракол шаарында 26 жаштагы жигит токко урунуп каза болду. Бул маалыматты Turmush басылмасына маркум жигиттин достору тастыкташты.

Тынчтыкбек акыркы 6 жылдан бери Каракол шаарында жашап жаткан. Ал Нарындагы орто мектепти аяктап, Бишкекте жашап, кийинчерээк Каракол шаарына көчүп келген. Ал шаардагы кафелердин бирин ижарага алып иштетчү.

«Абдан эмгекчил, дайыма жардамга келген жигит болчу. Эң негизгиси ал Нарында жашаган апасын абдан жакшы көрүп, жардам берчү. Эки жылдан бери Мадина аттуу (ысымы өзгөртүлдү) кыз менен сүйлөшүп жүрүп, өзүнүн туулган күнүндө, тактап айтканда ушул жылдын 21-сентябрында үйлөнгөн. Өзүнүн каражатына той өткөрүп, ата-энесинин, жакындарынын батасын алган. Нарында таенеси каза болуп, барып келген. Жубайы экөө Каракол шаарындагы кичи райондордун бириндеги батирде жашашчу», - дешти маркумдун достору.

А 20 Тынчтыкбек үйлөнгөндөн кийин кафенин имаратын ижарага алып, шишкебек сатуучу жай уюштурууну пландаган. Ал кафени жасалгалап, ашканага суу ысытуучу жабдык коюу үчүн тиешелүү кызматкерлерди чакырган. Алар «Аристонду» дубалга илбей, жерге коюшкан.

«Алар жабдыкты коопсуздук эрежеси боюнча орнотушкан эмес. Тынчтыкбек аны өзү дубалга илип, электр энергияга туташтырган. Бул учурда анын колу токко урунган. Ал тез жардам кызматы келгенге чейин каза болуп калган», - дешти достору.

Тынчтыкбектин сөөгү өзүнүн шаарында жерге берилди. Анын артында апасы, карындашы жана 20 жаштагы жубайы калды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×