Бөлүмдөр
Ишемби, 15-декабрь
Жалал-Абад облусуСузак району 05.12.2018 16:09 На русском

Кадыржан Батыровдун Жалал-Абаддагы үйүндө туугандары куран окутуп жатышат (фото, видео)

Turmush -  4-декабрга караган түнү көз жумган Кадыржан Батыровдун кичи мекенинде куран окутулуп жатат.

Аймактык кабарчы жеринен маалымдагандай, Кадыржан Батыров менен Санжар Бакиевдин талашына түшкөн жана мамлекетке өтпөй калган делген Сузак районунун Таш-Булак айыл аймагындагы үйдүн короосу ачылып, айылдаштары жана туугандары маркумга куран окутуу үчүн келип жатышат. Ал эми маркум К.Батыровдун туугандары бул үйдүн короосун жыйноо үчүн келишкенин жана сөөктү алып келүү боюнча эч кандай маалыматтары жоктугун, тууган-уруктары чогулуп куран окуп жатышканын айтышты.

К.Батыровдун мүлктөрүн мамлекетке өткөрүүдө шалаакылык мамиле жасаган деп айыпталып жаткан Сузак районунун акими А.Маматов менен эки райондун сот аткаруучуларын КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 316-беренеси («Шалаакылык») менен облустук сот күнөөлүү деп тапкан. Бирок 67-берененин («Кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартуунун эскириши») 1-бөлүмүнүн 1-пунктунун негизинде кылмыш жаза жоопкерчилигине тартуунун мөөнөтү өткөнүнө байланыштуу жазадан бошотулганы маалымдалган болчу.

К.Батыровдун 7 миллион сомдук үйү мамлекетке өтпөй калып, Бакиевдер К.Батыровдун үстүнөн кайрылуунун негизинде Таш-Булак айыл аймагына караган Дмитровка аймагындагы үйү С.Бакиевге берилгени маалым болгон.

Кыргызстандын экс-президенти К.Бакиевдин иниси Санжар Бакиев буга чейин Кадыржан Батыровго тийиштүү болуп келген 7 млн сомдон ашык каражатка бааланган үйдүн ээси болгону маалымдалган болчу.

Буга чейин Кыргызстандын парламентинин мурунку депутаты Кадыржан Батыров 4-декабрга караган түнү Украинанын Одесса облусунда 62 жашында каза болгону маалымдалган. Жалпыга маалымдоо каражаттарынын маалыматы боюнча, ал намаз окугандан кийин уктап, бирок кайра ойгонгон эмес. Анын өлүмү тууралуу Кыргызстандагы туугандарына кабар берилди.

Батыров Кадыржан Алимжанович 1956-жылы 9-мартта Жалал-Абад облусунда төрөлгөн. Ал ишкер, Жогорку Кеңештин мурунку депутаты, Кыргызстандагы өзбек коомунун экс-лидери болгон.

К.Батыровго өлкөнүн түштүгүндө массалык баш аламандык уюштуруу боюнча айып тагылып, Кыргызстандан чыгып кеткен. Кыргызстандын Башкы прокуратурасы ага эл аралык издөө жарыялаган болчу. Ал эми 2012-жылы сот аны өмүр бою эркинен ажыраткан. 2011-жылы соттун чечими менен мүлкү конфискацияланган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×