Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-декабрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 05.12.2018 15:14 Жаңыланды: 05.12.2018 18:08 На русском

Ысык-Көлдө 19 жаштагы кыз өз жанын кыйган соң, жигити өзүн атып өлтүрдү. Кыздын туугандары эмне дейт? (фото)

Turmush -  Ысык-Көл облусунда асынып каза болгон 19 жаштагы Нурзаттын Нурбек менен сүйлөшүп жүргөнүн ата-энеси жана курбулары дагы билген эмес. Бул тууралуу каза болгон кыздын жакындары Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы менен болгон маегинде билдиришти.

Алардын айтымында, Нурзат [Н.Н., аты өзгөртүлдү] Жети-Өгүз районундагы орто мектепти аяктап, Каракол шаарындагы медициналык колледжде 2-курста окуп жаткан. Ал үй-бүлөдө төрт бир туугандын экинчиси болчу. Андан кийин эки бир тууганы бар. Ата-энеси дыйканчылык менен алектенишет. Нурзатты туугандары жоопкерчиликтүү, дайыма жардам берүүгө умтулган кыз болгонун айтышат.

«Нурзаттын Нурбек менен сүйлөшүп жүргөнүн эч ким билген эмес, ал жада калса курбуларына, эжесине дагы айткан эмес. Анын телефону код менен гана ачылчу. Биз анын өлүмүнөн кийин телефонун ачып, Нурбек менен кат жазышканын көрдүк. Анда Нурбек айыкпас оору менен жабыркаганын айтып, анын жашоосу аз калганын жана жакында өлөрүн айткан. Нурзат өз кезегинде дарыгерлерге барып көрүнүү керектигин жана баары жакшы болорун айткан. Жигит бул боюнча дайыма жазып, бирок эмне диагноз экенин айткан эмес», - дешет жакындары.

Алар белгилешкендей, 28-ноябрда Нурбек Нурзат менен жолугуу үчүн Беловодск айылынан келген.

«Нурзат Каракол шаарындагы кичи райондордун биринде эжесинин үйүндө жашап жаткан. 28-ноябрда жигити менен жолуга турганын эч кимге айткан эмес. Ошол күнү ал айылдагы ата-энесинин үйүндө болгон. Ал эми ата-энеси улуу эжеси жана анын баласы менен ооруканага Бишкекке кетишкен. Алар Бишкектен айылга бара жатканда Нурзатка атасы телефон чалып, кеч болуп кете электе Караколго чыга беришин өтүнгөн. Нурзат айылдан чыгып жатканын Нурбекке жазган. Ал эми саат 20:30 - 21:00 чамасында Нурбек менен жолуккан.

Кийинки күнү Нурзаттын ата-энеси Караколго келишип, алар үй-бүлөсү менен бирге конокко барышкан. Конокто Нурзат ата-энесине телефонун жоготуп алганын айткан. Бирок анын WhatsApp номуру онлайн болуп турган, демек кимдир бирөө анын телефонун текшерип жаткан. Болжол менен саат 17:30 чамасында алар коноктон чыгып, ата-энеси кыздарын Каракол шаарындагы үйгө таштап, өздөрү айылга кетишкен», - дешти алар.

Үйгө келгенден кийин Нурзат эжесине кичи автобустун айдоочусунан телефонун сурап келерин айткан. Ал телефонун балким ошол унаадан жоготуп алгам деп ойлогон. Ал эми эжеси эрте келишин суранып, башка жакка конокко кетерин билдирген. Бир аз убакыт өткөндөн кийин улуу эжеси Нурзатты күтпөй эле конокко кеткен. Жолдон ал кызыл куртка кийген бала менен турган Нурзатты көргөн.

Эжеси унаадан түшкөндө ал жигит Нурзаттын жанынан ары баскан. Ал эми Нурзат ыйлагандыктан көзү шишип чыкканын көргөн. Эжеси Нурзатка тезирээк үйгө баруу керектигин айткан. Ал эми жоголгон телефону анын колунда болгон. Эжеси андан ары конокко кетип, ал жактан Нурзатка телефон чалганда өчүк болгон. Коңшусунан Нурзатты үйүнөн карап берүүнү өтүнүп, бир аз убакыт өткөндөн кийин кошунасы эшикти эч ким ачпай жаткандыгын билдирген. Ал ачкыч менен ачууну өтүнгөн, бирок эшик үйдүн ичинен бек болгон. Мындан улам ал дароо үйүнө жөнөгөн», - дешти жакындары.

«Достор, туугандарым менен эшикти талкалап кирдик. Кирсек, Нурзат эшикте өзүнүн шарфына асынып алган экен. Эмне үчүн ал өзүн өлтүргөнү бизге белгисиз. Анын Нурбек менен жазышканына караганда ал жигитинин оорусунан улам, жакында өлөрүн жазгандыктан ушундай кадамга барды деп ойлоп жатабыз. Ал бир нерсени жүрөгүнө абдан тез кабыл алган кыз болчу. Балким ал жигити жок жашагысы келбегендир», - дейт каза болгон кыздын эжеси Аида (аты өзгөртүлдү).

Каза болгон кыздын бир туугандарынын айтымында, эгер Нурбек Нурзат менен жазышкандай чынында эле айыкпас оору менен жабыркаса, анда аны аскерге алышмак эмес. Мындан тышкары, аскердик кызматта жарым жыл сайын медициналык кароодон өтүп турушат, эгер оорулуу болсо кароодон өтпөй, кызматтан бошотулмак.

«Жигит Нурзат менен жөн гана ойноп жатып, ушундай болду. Анын айткандарынан улам Нурзат асынып каза болду. Биз анын каза болгонуна ишенбей жатабыз. Азыркыга чейин шок абалдабыз», - деди туугандары.

Ал эми Нурзаттын курсташтарынын айтымында, ал сабактарды калтырбай, жакшы окучу.

«Окуя болгон күнү Нурзат эртең менен сабакка келген. Генетикалык медицина сабагына жакшы даярданып келип, жооп берген. Андан кийин үйүнө кеткен. Бизге жакшы мамиле кылчу. Иш-чараларга активдүү катышчу. Медицинаны аябай жакшы көрүп, окууну аяктасам, айылдагы ФАПта иштейм деп кыялданчу», - дешти алар.

Ал эми мугалимдери Нурзат сессиясын убагында бүтүрүп, жакшы окуганын айтат.

«Ал бюджеттик бөлүмдө билим алчу. Сабакты калтырбай, дайыма жакшы даярданып келген, коомдук иштерге активдүү катышкан кыз болчу. Дайыма бир калыпта жүрчү», - дешти мугалимдери.

Өзүн атып өлтүргөн жигиттин айылдаштарынын айтымында, ал үй-бүлөдө 3 бир тууган. Атасы алар кичинекей кезде каза болуп калган жана балдарды энеси жалгыз чоңойткон.

Ал эми Ысык- Көл ОИИБдин басма сөз кызматы учурда териштирүү жүрүп жатканын билдирди.

Буга чейин Ысык-Көл облусундагы (болжолдуу Каракол шаарында) турак үйдөн 29-ноябрда жаш кыздын асылып турган жансыз денеси табылганы маалымдалган. Кийинчерээк анын өздүгү такталып, ал Жети-Өгүз районундагы айылдардын биринде 1999-жылы төрөлгөнү аныкталган болчу.

Анын эртеси, тактап айтканда 30-ноябрда ЖАМКтын Коргоо жана конвоирлөө департаментинде аскердик милдетин өтөп жүргөн жигиттин жансыз денеси табылган. Окуя Беловодск айылындагы түзөтүү абагында болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×