Бөлүмдөр
Ишемби, 15-декабрь
Жалал-Абад облусуТогуз-Торо району 05.12.2018 11:13 Жаңыланды: 05.12.2018 11:48 На русском

Тогуз-Тородогу көк бөрү мушташ менен коштолду: Шектүү — айылдык кеңештин депутаты, кылмыштуу топтун мүчөсү

Turmush -  Жалал-Абаддагы Тогуз-Торо районунун Каргалык айылында көк бөрү мелдеши мушташ менен коштолду. Бул маалыматты Жалал-Абад ОИИБден тастыкташты.

Окуя 30-ноябрда саат 14:30 чамасында болгон. Алдын ала маалыматтар боюнча, 1995-жылы туулган жергиликтүү тургун М.Р. менен Э. аттуу жигит сөз талашып, ошол жерден биринчи жигит токмоктолгон. Ал оор жаракат алып, аймактык оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылды.

Ден соолукка залал келтирүү фактысы боюнча Тогуз-Торо РИИБ кылмыш ишин козгоп, ыкчам тергөө иштери жүргүзүлдү. Анын жыйынтыгында шектүү – Тогуз-Тородогу айылдык кеңештин 2 жолку депутаты, 2013-жылдан бери ИИМде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турган Т.Э. (1986-жылы туулган) экени аныкталган.

Учурда шектүү убактылуу камакка алынып, тергөө иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×