Бөлүмдөр
Ишемби, 15-декабрь
Ош облусу, Ош 04.12.2018 16:59

«Айтматов-Фиеста» республикалык фестивалында ОшМУнун студенти Элчибек Жумабек уулу жеңүүчү болду

Turmush -  Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде 3-декабрда жогорку окуу жайлардын студенттеринин ортосунда Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган «Айтматов-Фиеста» аталышындагы жалпы республикалык фестиваль өттү. Анын алкагында «Айтматовдун чыгармаларын ролдоштуруп көркөм окуу» багыты боюнча ОшМУнун орус филологиясы факультетинин студенти Элчибек Жумабек уулу 1-орунду багындырды.

Элчибек бул сынакта Ч.Айтматовдун «Кыямат» повестиндеги Гурам Жухадзенин монологун өзгөчө чыгармачылык менен аткаргандыгын калыстар белгилешкен.

«Аалам алпы Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналып, Кыргыз-Түрк “Манас” университети тарабынан уюштурулган "Айтматов-Фиеста" фестивалында университетибиздин жүзүн татыктуу коргой алдык. Жаштар, Айтматов ааламына чогуу сапар алалы», - деп белгилеген өздүк баракчасында Элчибек Жумабек уулу.

Аталган фестивалга студенттерди орус филологиясы факультетинин деканынын орун басары Замира Сабиралиева жетектеп барган. Фестиваль Кыргыз-Түрк «Манас» университети жана Конфуций институтунун демилгеси менен өткөрүлүп, Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынан студенттер жана магистранттар катышты.

Иш-чаранын максаты – студенттерди Ч.Айтматовдун чыгармачылыгын билүүгө кызыктыруу, бири-бири менен жакындаштыруу, аларды лидерлик сапаттарга тарбиялоо, эң мыкты жана демилгелүү студенттерди сыйлоо.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×