Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-июль
Ысык-Көл облусу, Каракол 01.12.2018 17:04 Жаңыланды: 01.12.2018 17:58

Ысык-Көлдө турак үйдү бак басып калды (сүрөт)

Turmush -  Бүгүн, 1-декабрга караган түнү Ысык-Көл облусунун аймагында катуу шамал болуп, үйлөрдүн, социалдык объектилердин чатырларын учуруп, электр зымдары үзүлдү. Анын кесепетинен бир катар аймактарда электр жарыгы өчкөн.

Аймактык кабарчынын маалыматы боюнча, Каракол шаарында бир катар социалдык объектилер жабыркаган. Ошондой эле шаарда электр жарыгы өчтү.

Ысык-Көл районунун аймагында да катуу шамал болуп, түндө Кара-Ой айылындагы Света Ражапованын үйүн 15 метрлик бак басып калды. Бактыга жараша адамдар жабыркаган эмес.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×