Бөлүмдөр
Шаршемби, 20-март
Чүй облусу, Токмок 05.01.2019 19:11

Айыл турмушу: Мугалим С.Мусапырова бүтүрүүчүсүнүн сөзүн эстеген сайын бактылуу боло берет (сүрөт)

Turmush -  Чүй облусунун Токмок шаарынын 58 жаштагы тургуну Сыбаркүл Мусапырова 34 жылдан бери билим берүү тармагында талыкпай эмгектенип келет. Ал шаардык, облустук билим берүү бөлүмүнүн, министрликтин ардак баракчалары менен сыйланып, «Эл агартуунун мыктысы» төш белгисине татыган. Ардактуу мугалим өзүнүн окуучусу бүтүрүү кечесинде айткан сөзүн азыркыга чейин унутпай эстеп келет.

«Бир окуя эсимден кетпейт. Кээде эстегенде өзүмчө жылмайып, бактылуу боло калам. Албетте, окуучуӊдан ушундай жагымдуу сөз уккан кандай бакыт. Бүтүрүү кечеси болуп жаткан. Кокусунан бир окуучум микрофонду ойдо жок жерден алып, "Сабыркүл эжей" деп кыйкырып жиберди. Кыжы-кужу сүйлөшүп жаткан залдагы көрүүчүнүн баары тыптынч боло калды. Ал бала акырын мени карап, "эжей, сизге рахмат! Артымдан кубалап жүрүп 11-классты бүтүртүп, аттестат алып бердиӊиз. Сизге миӊ ирет таазим" деди эле, зал дуу күлүп жиберип, андан соң кол чаап калышты», - деди ал.

Сыбаркүл Мусапырова: «9-класста окуп жүргөндө бизге математика сабагынан жаңы мугалим келип, билим берип калды. Эмнегедир ошол эжейдин жүрүм-туруму, сабакты мыкты өткөндүгү жана окуучуларга жасаган мамилеси жагып калды. Мен дагы ага карап түздөнүп, мугалимдик кесипти тандап алдым.

Мектепте сабак өтүүдө ар кандай ыкмаларым бар. Кечке сабак жөнүндө айта берсеӊ балдар тажайт. Кээде макал-лакаптарды, анекдот же ар кандай окуяларды бири-бирибизге айтып беребиз.

Жаштардан дагы мыкты мугалимдер чыкса дейм. Себеби, ата-энеден кийин эле балдардын дүйнө таанымынын калыпташына ушул мугалимдер себепчи болот эмеспи. Бирок азыркы жаштар мугалимдик кесипке кызыгышпайт. Ошол эле маалда эта-эне дагы мугалимдердин эмгегин баалабайт», - деди ал.

Сыбаркүл Мусапырова Чүй районуна караштуу Кош-Коргон айылында 1960-жылы төрөлгөн.

«Чүй районуна караштуу Кош-Коргон айылындагы Туйту Каракеев атындагы орто мектепти 1978-жылы аяктагам. 1979-жылы В.В.Маяковский атындагы кыз-келиндер педагогикалык институтунун математика, физика факультетине кирип, аны 1984-жылы аяктагам. Ушул жылы өзүм туулуп-өскөн Кош-Коргон айылында эмгек жолум башталды. Үй-бүлөлүк жашоо шартка байланыштуу 1988-жылдан баштап Токмок шаарындагы М.В.Фрунзе атындагы №7 орто мектебине которулуп келдим. Ошол жылдан тарта ушул күнгө чейин аталган мектепте иштеп келе жатам. Жолдошум 2005-жылы катуу оорудан кийин каза болуп калды. Учурда 3 балам, 2 неберем бар», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
44.05% (111)
«Банк Компаньон»
18.25% (46)
«РСК Банк»
9.92% (25)
...
Всего голосов: 252
×