Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 28.11.2018 10:16 Жаңыланды: 28.11.2018 13:24 На русском

Түркиядан келген Айнура агасын өлтүрүп, өрттөп жиберген. Кылмыштын чоо-жайы

Turmush -  Жети-Өгүз райондук соту агасын өлтүрүп, андан кийин денесин өрттөгөн аялга карата козголгон кылмыш иш боюнча өкүм чыгарды. Маркумдун денеси 2017-жылы сентябрь айында Жети-Өгүздөгү Көл-Кечүү аймагынан табылган.

Бул кылмышка маркумдун карындашы — Аң-Өстөн айылынын 1984-жылы туулган тургуну Айнура (ысымы өзгөртүлдү) шектелип кармалган. 2002-жылы Тоң райондук соту аны Кылмыш-жаза кодексиндеги 165-берененин 2-бөлүмүнүн (мал уурулук) негизинде күнөөлүү деп таап, 4 жылга эркинен ажыратып, бирок жазаны 2 жылдык сыноо мөөнөтү менен шарттуу деп эсептөө чечимин чыгарган. Кийинчерээк анын соттуулугу жоюлган.

Акыркы учурларда Айнура үй-бүлөсү менен Түркиянын Стамбул шаарында жашап жаткан. Тергөөчү ага Кылмыш-жаза кодексиндеги 97-берененин 2-бөлүмүнүн 6-8-13-пункттарынын (өзгөчө мыкаачылык менен адам өлтүрүү, пайда табуу максатында же жалданып, ошого тете каракчылык, опузалап талап кылуу менен коштолуу, башка кылмышты жашыруу же аны жасоону жеңилдетүү) жана 172-берененин 3-бөлүмүнүн (автомобилди же башка автомототранспорт каражатын укукка жат түрдө ээлеп алуу, өмүрүнө жана саламаттыгына коркунуч келтирбеген зомбулук көрсөтүү, болбосо ушундай зомбулук көрсөтөм деп коркутуу) негизинде айып таккан.

Тергөөнүн жүрүшүндө маалым болгондой, 2017-жылы 18-сентябрда Айнура Чолпон-Ата шаарынан Караколго келген. Ал жерден Аң-Өстөн айылында жашаган агасы Исламдын (ысымы өзгөртүлдү) үйүнө барган. Ага-карындаш ата-энесинин үйүн кимге каттатуу керектигин талкуулашкан. Ал эми Айнура үйдү буга чейин каза болгон инисинин үй-бүлөсүнө каттатып берүүнү талап кылган. Жыйынтыгында экөөнүн ортосунда кайым айтышуу болгон. Айнура тынчтангандан кийин агасына кетип жатканын айтып, геморрой оорусуна каршы дары сайып берүүнү сунуштап, бирок өзү ала келген димедролду сайган. Ислам уктап калганда Айнура анын колу-бутун скотч менен таңып, агасы ойгонгондо үйдү маркум инисинин үй-бүлөсүнө каттатууну талап кылган. Агасы баш тартканда аны үтүк менен сабап баштаган. Ислам карындашына инисинин экинчи аялын өзү өлтүргөнүн, денени кайсы жерге көмгөнүн көрсөтүп берерин айткан.

Айнура агасын унаага отургузуп, Чырак айылынын четинде жайгашкан Көл-Кечүү көлмөсүнө барышкан. Ислам ал жерден качып кетүүгө аракет кылганда Айнура анын моюнун зым менен ороп, муунтуп, бычак сайган. Ислам ошол жерде көз жумган. Андан кийин ал агасынын денесин куураган чөп менен ороп, өрттөн жиберген. Агасынын бут кийимин жана кылмыш жасаган буюмду көлмөгө ыргыткан. Андан кийин Чолпон-Ата шаарына агасынын унаасы менен барып, күйөөсүнө агасы үйдүн ордуна унаа бергенин айткан. Ал күйөөсү жана уулу менен Бишкекке келип, унааны сатууга аракет жасаган. Айнура агасынын денеси табылып, милиция шектүүнү издеп жатканын уккандан кийин «Toyota Verso» унаасын «Бета-Сторес» дүкөнүнүн унаа токтотуучу жайына таштап, үй-бүлөсү менен Казакстанга чыгып кеткен.

Сот отурумунда Айнура күнөөсүн толугу менен мойнуна алып: «Агам экөөбүз көлмөгө келгенде мени жерге жыгып, "сендей жыландарды өрттөш керек" деди. Бул учурда чөнтөгүмдөгү ашкана бычагы менен аны сайып жибердим. Аны өлтүрүүнү каалаган эмесмин, болгону өзүмдү коргодум», - деди.

Сот отурумунда өлтүрүлгөн адамдын кызы Индира (ысымы өзгөртүлдү) да көрсөтмө берди. Анын айтымында, кылмыш жасалган учурда ал Катарда иштеп жаткан. Ага 20-сентябрь күнү атасынан «кызым, унаа менен адамды сүзүп өлтүрүп алдым, буга 2 киши күбө болду. Алар унчукпашы үчүн 2000 доллар керек» деген билдирүү келген. Ал документи жок экенин айтып, акчаны башка аялга которууну суранган.

«Эки күндүн ичинде аталган аялга акча жөнөтүп, ал ыраазычылык билдирүү жөнөттү. Андан кийин атам телефон чалууларга жооп бербей, мен 27-сентябрда Кыргызстанга учуп келип, атам өлтүрүлгөнүн уктум. Айнура эжем буга чейин атамды "өлтүрөм" деп коркуткан. Ал мындай кылмышты жалгыз жасай алмак эмес», - деди Индира.

Сот Айнураны Кылмыш-жаза кодексиндеги 97-берененин 2-8-пункттары жана 172-берененин 1-бөлүмү боюнча күнөөлүү деп таап, 97-берене боюнча 18 жылга, 172-берене боюнча 5 жылга эркинен ажыратты. Сот жыйынтыгында аны 22 жылга күчөтүлгөн тартиптеги абакка кести.

–-------------------------------------------------------------------------------------

Буга чейин Turmush басылмасы Жети-Өгүз районунда 47 жаштагы жергиликтүү тургунду өлтүрүп, андан кийин өрттөп кетишкендигин маалымдаган. Белгисиз адамдар кылмыштын изин жашыруу максатында дөңгөлөктүн резинкасын башына кийгизип, өрттөп жиберген.

Ыкчам иликтөө иштеринин жүрүшүндө каза болгон жаран Аң-Өстөн айылынын 47 жаштагы тургуну экендиги аныкталган. Анын денеси 21-сентябрда айылдын четинде көлдүн жээгинен табылып, анын белинен жогору жагы күйүк болгон. Аны жакындары таанып, уулу атасынын бутунда тырык бар экенин билдирген.

Каза болгон И.К. таксист болуп иштечү. Ал чет өлкөдө эмгектенген кызына телефон чалып, 2 миң доллар салууну өтүнгөн. Кызы атасынын өтүнүчү менен башка аялдын атына акча салып, бул окуядан кийин атасы дайынсыз болуп кеткен. Ал эми 22-сентябрда баласы атасынан WhatsApp аркылуу кат алган. Анда: «Балам, мен шашылыш Алматага кеттим, үйдү барып бекитип кой. Бир айдан кийин келем», - деп жазылган.

Каза болгон жарандын жубайы ошол убакта Бишкекте болгон. Ал кафелердин бирин ижарага алып иштетет.

Кийинчерээк 47 жаштагы тургунду өлтүрүп, андан кийин өрттөп кетүүгө шектүү делип жабырлануучунун карындашы жана анын күйөөсү кармалганын ИИМдин басма сөз кызматы билдирген болчу.

Маалыматка караганда, Кыргызстандын жана Казакстандын Ички иштер министрлигинин бирге жүргүзгөн тергөө иштеринин негизинде Жети-Өгүз районунун 1984-жылы туулган тургуну И.А. жана анын күйөөсү — Түркиянын 1984-жылы туулган жараны И.М. кармалган. Кылмышка шектүү аял каза болгон адамдын карындашы экени белгилүү болгон. Аларды издөө иштери Казакстандын Атырау облусунун аймагында жүргүзүлгөн. Шектүүлөрдүн андан ары Түркияга качып кетүүнү көздөп жатканы жана каза болгон адамга тиешелүү «Toyota Verso» үлгүсүндөгү унааны Бишкек шаарына катып койгону аныкталып, алар колго түшүрүлгөн болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×