Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 26.11.2018 13:56

Ысык-Көлдө «Хонда-Одиссей» 48 жаштагы жөө жүргүнчүнү өлтүрө сүздү

Turmush -  Ысык-Көл районунда автоунаа жөө жүргүнчүнү өлтүрө сүзүп кетти. Бул тууралуу аймактык кабарчы жеке булактарга шилтеме берүү менен билдирди.

Маалым болгондой, жол кырсык 22-ноябрда саат 19:00 чамасында Ысык-Көл районунун Корумду айылында катталган. «Хонда-Одиссей» үлгүсүндөгү унаа жөө жүргүнчүнү сүзүп, жабырлануучу окуя болгон жерде каза болгон.

Кийинчерээк жол кырсык болгонун милиция тастыктап, ошол күнү саат 19:00 чамасында Ысык-Көл РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Корумду айылында жол кырсык болгону боюнча маалымат түшкөнүн билдирди.

Окуя болгон жерге РИИБдин эки оперативдүү-тергөө тобу чыккан. Маалым болгондой, «Хонда-Одиссей» үлгүсүндөгү унааны Түп районунун Балбай айылынын 1967-жылы туулган Т.О. аттуу тургуну башкарып бара жаткан. Ал Каракол шаарынан саат 17:00 чамасында жүргүнчүлөрү менен чыккан.

Саат 19:00 чамасында Корумду айылынын ичинен, тактап айтканда Каракол—Балыкчы унаа жолунун 103-чакырымында жөө жүргүнчү өтүп баратканын байкабай сүзүп алган. Анын кесепетинен Корумду айылынын 1970-жылы туулган тургуну окуя болгон жерде каза болгон.

Бүгүнкү күндө каза болгон жарандын бир туугандары милицияга арыз менен кайрыла элек. Соттук-медициналык экспертиза дайындалып, жол кырсык боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө.

Маалым болгондой, каза болгон жарандын 5 баласы калды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×