Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 25.11.2018 15:00 На русском

Ысык-Көлдө эки кичи автобус кагышып, 14 адам жабыркады. Алтоо ооруканага жаткырылды (тизме, фото)

Turmush -  Бүгүн, 25-ноябрда болжол менен саат 09:00дө Жети-Өгүз районунун Дыйшин айылынын жанында эки кичи автобус кагышты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Жол кырсыктын кесепетинен 14 адам жабыркап, алардын арасындагы бир адам жандандыруу бөлүмүнө жаткырылса, беш адам сыныктар бөлүмүнө жаткырылды.

«Жабырлануучулар бизге саат 10:30да түшүштү. Ошол замат медициналык жардамдар көрсөтүлүп, хирургдардын, травматолог жана реаниматологдордун курамынан турган ыкчам топ чакырылды. Дары каражаттары жетиштүү. Бир жабырлануучу жандандыруу бөлүмүнө, дагы беш адам сыныктар бөлүмүнө жаткырылды. Калгандарына амбулатордук жардам берилди», - деп билдирди Ысык-Көл облустук бириктирилген ооруканасынын директору Токтобай Маанаев.

Жабырлануучулардын тизмеси:

1. 1979-жылы туулган Байюосунова Назира, Жети-Өгүз районунун Тамга айылынын тургуну. Диагнозу: жабык түрүндөгү баш сөөк жаракаты;

2. 2001-жылы туулган Сыдыков Сыймык, Жети-Өгүз районунун Тамга айылынын тургуну. Диагнозу: жабык түрүндөгү баш сөөк жаракаты;

3. 2001-жылы туулган Нурлан кызы Эркинай, Жети-Өгүз районунун Тамга айылынын тургуну. Диагнозу: жабык түрүндөгү баш сөөк жаракаты;

4. 1969-жылы туулган Асманбекова Калыйбүбү, Жети-Өгүз районунун Тамга айылынын тургуну. Диагнозу: жабык түрүндөгү баш сөөк жаракаты;

5. 1978-жылы туулган Мухамеджанова Айнура, Жети-Өгүз районунун Тамга айылынын тургуну. Диагнозу: жабык түрүндө баш сөөгүнөн жаракат алган, оң буту жабыркаган;

6. 1961-жылы туулган Карасартов Адылбек, Жети-Өгүз районунун Тамга айылынын тургуну. Диагнозу: жабык түрүндө баш сөөгүнөн жаракат алган, тизе сөөгү сынган. Сыныктар бөлүмүнө жаткырылган;

7. 1961-жылы туулган Мухамеджанов Рашид, Жети-Өгүз районунун Тамга айылынын тургуну. Диагнозу: жабык түрүндө баш сөөгүнөн жаракат алган, сан сөөгү сынган;

8. 1967-жылы туулган Маматова Гүлсүн, Жети-Өгүз районунун Тамга айылынын тургуну. Диагнозу: жабык түрүндөгү баш сөөк жаракаты;

9. 1965-жылы туулган Кулов К., Жети-Өгүз районунун Тамга айылынын тургуну. Диагнозу: жабык түрүндө баш сөөгүнөн жаракат алган, баш мээси жабыркаган. Жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган;

10. 1979-жылы туулган Кудайбергенова Айгүл, Жети-Өгүз районунун Тамга айылынын тургуну. Диагнозу: жабык түрүндө баш сөөгүнөн жаракат алган, баш мээси жабыркаган. Сыныктар бөлүмүнө жаткырылган;

11. 1967-жылы туулган Мамытова Күлсүн, Жети-Өгүз районунун Тамга айылынын тургуну. Диагнозу: жабык түрүндө баш сөөк жаракат жана сынык алган. Сыныктар бөлүмүнө жаткырылган;

12. 1970-жылы туулган Караванская Лариса, Жети-Өгүз районунун Тамга айылынын тургуну. Диагнозу: жабык түрүндө баш сөөгүнөн жаракат алган, ийин сөөгү сынган. Сыныктар бөлүмүнө жаткырылган;

13. 2005-жылы туулган Караванская Диана, Жети-Өгүз районунун Тамга айылынын тургуну. Диагнозу: жабык түрүндө баш сөөгүнөн жаракат алган, оң буту жабыркаган;

14. 1961-жылы туулган Өмүрканов Жаанбай, Жети-Өгүз районунун Тамга айылынын тургуну Диагнозу: жабык түрүндө баш сөөгүнөн жаракат алган, көкүрөк тушу жабыркаган.

Кийинчерээк Ысык-Көл РИИБдин ЖКККБдан маалымдашкандай, кичи автобустун бири Тамга айылынан Каракол шаарын көздөй, ал эми экинчи кичи автобус Караколдон Бишкекти карай бара жаткан. Анда жүргүнчүлөр туристтер болгон. Дыйшин айылынын бурулушунан туристтер бара жаткан кичи автобус карама-каршы тилкеге чыгып, натыйжада Караколго бара жаткан кичи автобус менен бет маңдай кагышкан.

Окуя болгон жерге ЖКККБнын кызматкерлери барып, жабырлануучуларга биринчи тез жардам көрсөтүлгөн.

Адам өлүмү катталган эмес. 8 адам ооруканага кайрылган. Анын ичинен 6 адам жаткырылып, 2 адам ден соолугу жакшы болгондуктан үйүнө жиберилген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×