Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Чүй облусуЧүй району 24.11.2018 14:15

Султан Ибраимовдун 90 жылдыгы: Чүйдө өткөн аламан жарыштын баш байгесине «Жигули» коюлду (сүрөт)

Turmush -  Кечээ, 23-ноябрда Чүй райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан жана жеке демөөрчүлөрдүн колдоосу менен мамлекеттик жана коомдук ишмер Султан Ибраимовдун 90 жылдык мааракеси белгиленди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, маараке тай чабыш, кунан чабыш, аламан жарыш жана көк бөрү оюндары менен жыйынтыкталды. Көк бөрүгө жалпы 11 тайпа катышып, 1-орунду «Бурана» тайпасы жеӊип, 30 миӊ сом акчалай сыйлык алышты. 2-орунду «Искра» тайпасы алып 20 миӊ сом менен, 3-орунду «Кошкоргон» тайпасы утуп 10 миӊ сом менен сыйланышты.

Аламан жарышка коюлган ВАЗ-2107 «Жигули» үлгүсүндөгү автоунааны Сокулук районунун Жал айылынын тургуну Адилет Кадыркулов жеӊип кетти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×