Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-май
Ош облусуӨзгөн району 21.11.2018 09:03 Жаңыланды: 21.11.2018 18:53 На русском

Түнкү үчтө жумушка барган Алтынай менен жолдошу жуурканга оролгон кызын унаага унутуп калышкан (сүрөт)

Turmush -  Погончон айым Алтынай Исакунова Ысык-Көлдө өсүп, Оштун Өзгөн районуна келин болгон. Өмүрлүк жары Жолдошбек Матиев менен жогорку окуу жайдан таанышып, милиция кызматкери болуп эмгектенип жатышат.

Милициянын майору Алтынай Исакунова (29 жашта) учурда Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкери. Ал эки кыздын апасы болгон. Ал эми милиция кызматкери болуп калышына формачан кыздын кийимине суктануусу себеп болгонун эскерди.

«Кичинемде жолдон сулуу, тыкан кыз милициянын формасын кийип алып, тыкылдап бара жатканын көргөм. Ошол элес көз алдымда азыркыга чейин сакталып жүрөт. Ошондон бери бала бакча, мектепте да дилбаян жазганда, “мен келечекте милиция болом” деп жазчумун. Үйдө 4 кыз болуп чоңоюп, мен эркек мүнөз болуп калдым.

Мектепти аяктагандан кийин Ички иштер министрлигинин Академиясында билим алып баштадым. Ал жактагы физикалык машыгууларга айрым кыздар чыдай алчу эмес. Бир взводдо эки-үч кыз болсок, чуркаганда балдар алдына салып алышчу. Чуркай албай калганыбызда колдорубуздан жетелеп чуркатышчу эле. Жолдошум менен ошол окуу жайдан таанышканбыз», - деди Алтынай Исакунова.

Жогорку окуу жайды аяктап, кесиби менен иштеп баштаганда буйрук чыкканын, алгачкы жолу кызматтык форма кийгенин азыркы убакка чейин башкача сезим менен эстейт.

«Эртең буйрук чыгат, формаңар менен келгиле дешти. Түнү менен уктабай кийимдеримди үтүктөп, күзгүгө каранып чыккам. Эртеси формамды кийип алып, Бишкектин көчөсүндө ары-бери басып жүрө бердим. Элдин баары мени карап жаткансып, кечинде үйгө барганда формамды чечким келбей турдум. Ошондогу сезим азыркыга чейин жүрөгүмдө жашайт», - деп эскерет погончон айым.

Алтынай Ошко келин болуп келгенден көп узабай жолдошу жумушуна байланыштуу Алайга кеткен. Ал эми Алтынай эксперт-криминалист болуп ишке кирген. Жол кырсыктарындагы балдардын өлүмүн, канды көрүп, жумалап жүрөгү ооруп жүргөн учурлар болгонун кошумчалады.

Күн-түнгө карабаган чакыруулар менен шаарды кыдырып жатып, жолдошуна караганда Ошту жакшы билип калган.

«Турмушка чыгып жатканда "салтыңарга көнөм, сен кайда болсоң да чыдайм" деп жолдошума убада бергем. Кайын журтту тергегенде эле 2-3 жыл кыйналдым. Бетке айткан мүнөзүм да кыйынчылык жаратты. Жолдошум дайыма, “биздин элге сылык кайрыл, катуу тиет” деп эскертип турчу. Ал Алайдан келген соң экөөбүз чогуу иштеп калдык.

Бир ирет түнкү саат үчтө чакыруу болду. Кызыбызды жуурканга ороп, унаабызга салып алып жумушка бардык. Кызматыбызды ушунчалык сүйгөн экенбиз, кызыбызды унаага таштап, жумушка кирип кетиптирбиз. Эртеси кошуналарым, "түндө кызыңарды шашып кайда алып кеттиңер?" деп сурашты. Жумушка бардык десек, аябай таң калышкан», - деди Исакунова.

Алтынай эксперт-криминалист болуп 2 жыл эмгектенгенден кийин өспүрүмдөр менен иштешүүгө өткөн. Мектептеги окуучулар менен жолугушканда милициянын жалаң жакшы тараптарын ачып берүүгө аракет кылат.

«Мектепке формамды кийип, тыкан болуп барам. Себеби, мен бала кезимде көргөн кыз сыяктуу башка өспүрүмдөрдүн эсинде да менин элесим калса дейм. Айрымдар мени менен жолугушуп, сүйлөшкөндөн кийин милиция кызматкери болобуз деп калышкан.

Ал эми балдар менен иштешүүдө бир окуя азыркыга чейин көз алдымда. Бир ирет кышында шаар аралап келе жатсам, дарбазанын алдында 5 жаштардагы бала отуруптур. “Суукта эмне кылып отурасың, үйгө кирбейсиңби” десем, "апам урушат" деди. Дарбазаны каккыласам кошунасы чыгып, “аны апасы жылбай, ушул жерде отуруп тур деп бир жакка кетти” деди. Дароо социалдык коргоо бөлүмүнө телефон чалдым, алар келди. Жагдай териштириле келгенде апасы күйөөсү менен ажырашып кетип, бардык өчүн баладан чыгарып жүрчү экен. Баланын колдорун карасам тактар бар экени байкалды. Жеңиңди ачып, колуңду көрсөт десек, ооруй турганын айтты. Акырын ачсак, “27 копейка” деген так турат. Көрсө, апасы кашыкты ысытып алып колуна басканда, кашыктын артындагы жазуу баланын колуна түшүп калыптыр. Таенесин чакыртып, каттоого алдырып, балдар үйүнө өткөрүп бердик. Кийин апасы баладан баш тартып, таенесине өткөрүлүп берилген.

Кыздарымды катуу урушуп жатканда ошол баланын жалдыраган көздөрү тартыла түшөт да, урушпай калам», - дейт Алтынай Исакунова.

Погончон айым жаштарга сүйө турган гана кесип тандагыла деген кеңешин айтат.

«Кээ бирөө айлык үчүн, кээси ата-энесинин каалоосу менен кесип тандашат да, орто жолдо жумушун ташташат. Ал эми мага жумушумдагы бир да кыйынчылык байкалбайт. Эртең менен сыймыктанып, формамды кийип чыгам», - деди Исакунова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×