Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Талас облусуТалас району 20.11.2018 10:18

Аралдагы 700 окуучу авариялык мектепте окушат. Жаңы имараттын курулушу 4 жыл мурун башталган (сүрөт)

Turmush -  Талас районунун Арал айылындагы Касым Нанаев атындагы орто мектептин имараты авариялык абалда. Мектепте учурда 700 окуучу билим алып жатканын директор Сейил Жуматаева билдирди.

Анын айтымында, 3 корпустан турган мектептин курулушу 1928-жылы башталып, ал 350 окуучуга ылайыкталган.

«Бүгүнкү күндө мектептин бир корпусу жарактан чыгып калган. Мектеп авариялык абалда экени боюнча корутунду да чыккан. Өтө начар абалдагы бөлмөлөрдү оңдогонбуз. Буга карабай балдарга заман талабына жараша билим берүүнү улантып, жыл жыйынтыгы боюнча ЖРТдан, предметтик олимпиадалардан биринчи болдук. Эски мектептин жанына эле 450 орундуу жаңы имарат курулуп жатат. Анын курулушу 2014-жылы башталган, 2016-жылы жыйынтыкталышы керек болчу. Бирок учурда курулуштун 50 пайызы да аяктай элек», - деди мектептин директору.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×