Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-сентябрь
Чүй облусуАламүдүн району 20.11.2018 10:06

Аламүдүндүн Таш-Дөбө айылында өткөн дзюдо мелдешине 200 спортчу катышты (сүрөт)

Turmush -  Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Таш-Дөбө айыл аймагында дзюдо боюнча мелдеш өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга машыктыруучу жана айылдык кеӊештин төрагасы Ырыс уулу Медербек билдирди.

«Аймактарды өнүктүрүү жылына карата биздин айылда дзюдо мелдеши өттү. Анда 2006-2009-жылдары туулган балдар күч сынашып, жеӊүүчүлөр аныкталды. Мелдешке Чүй облусунун дзюдо федерациясынын президенти Эдил Боромбаев жана вице-президенттер Улан Момев, Салех Ибрагимов, Совет Тезекбаев агалар күбө болушту.

Иш-чараны өткөрүүгө айыл өкмөттөн 30 миӊ сом каралган. Ошондой эле спортчуларга Бүбүсайра Бейшеналиева атындагы фонддун жетекчиси Эрмек Бейшеналиев спортчуларды «Чолпон» балетинин диски жана грамотасы менен куттуктады. Бүбүсайра Бейшеналиева ушул айыл аймакта төрөлгөн», - деди ал.

Мелдеш 16-17-ноябрь күндөрү өткөрүлүп, ага жалпы 200дөн ашуун спортчу катышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×