Бөлүмдөр
Шейшемби, 10-декабрь
Жалал-Абад облусуСузак району 13.11.2018 10:15 Жаңыланды: 13.11.2018 11:04 На русском

102 жаштагы Жыпара апа: Айылда бир көйнөк болсо, аялдардын баары сурап кийип чыкчубуз (сүрөт)

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Таш-Булак айылынын тургуну Жыпара Кармышакова апа бир кылым жашады. 102 жашка толгон чоң эненин учурда 42 небереси, 85 чөбөрөсү бар. Ал эми жолдошу мындан 17 жыл мурда каза болгон.

Төрт уулумдан бирөө гана калды, ал менден да карып кетти дейт чоң эне. Жыпара Кармышакова менен Turmush басылмасынын кабарчысы таанышты.

«Үркүн жылдары төрөлүптүрмүн, бирок ата-энем эч жакка качпаптыр. 18 жашымда өзүбүздүн эле айылга келин болдум. Бир балалуу болгонумда жолдошум согушка кетти. Ошол убакта кийимден, тамак-аштан өтө кыйналдык. Соко тартып, буудай оруп, арык казып иштейбиз, жыйнаган тамак-ашыбыз фронтко кетип жатты. Астыбызга төшөнчү да жок болгон. Бир күнү үйүбүздө жегенге тамак калбады. Буудай, арпа жыйнайбыз, бирок бир түйүнчөк да буудай албайбыз. Балам ачка калды деп ыйласам, аяш атам бир кап буудай берди. Алганын го алып, жүктөп алып кетишти ойлонбоптурмун.

Эшикте шамал катуу болуп жатат. Каптагы буудайды атка өңөрүп бергенге эч ким жок. Жоолугума, чапаныма бөлүп, атка миндим да акырындан ар бирин эңип алдым. Үйгө келсем ачка отурушкан экен, сүйүнүп кетишти. Ошол буудай менен жазга чыкканбыз», - деди Жыпара Кармышакова.

Учурда эң кичүү келини менен бирге жашап (уулу көз жумган), акыл-эси жакшы. Бирок ордунан тура албайт. Балдарыма, неберелериме өткөн жашоомду айтып берсем, жомок угуп жаткандай болушат дейт чоң эне.

«Ал убакта (жаш кезинде) түрлөп кийинүү ойго да келген эмес. Бир аял жакшына көйнөк алса, башка айылга баруу үчүн ошол көйнөктү сурап кийчү элек. Балдарымды эски кийимдерге ороп эле чоңойтком. Эч ким деле сөз кылчу эмес. Бирөөбүз тамак жасасак, эч качан жалгыз иче албай, кошуналарды чакырчубуз. Балдарымды окуп билим алышсын деп, тоодон шаарга көчүп келгем. 8 баламды тең, жогорку билимдүү кылдым.

Ал эми көп өмүр сүрүү каныбызда бар. Өзүмдүн атам 103 жашка чыгып каза болгон. Агаларым да узак өмүр сүрүштү», - деди Жыпара апа.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×