Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 09.11.2018 12:01 Жаңыланды: 09.11.2018 13:19 На русском

Ош—Бишкек жолунда дагы бир кырсык: Бир адам каза болуп, 9 адам жабыркады (фото, видео)

Turmush -  Ош—Бишкек унаа жолунда адам өмүрүн алган жок кырсык катталды. Бул тууралуу аймактык кабарчы күбөлөргө таянуу менен билдирди.

Күбөлөрдүн айтымында, жол кырсык бүгүн, 9-ноябрда саат 10:50 чамасында Ош—Бишкек унаа жолунун Базар-Коргон районуна караштуу Акман айыл аймагынан өткөн тилкесинде катталган. Анда «Toyota Ipsum» жана «Chevrolet Lacetti» үлгүсүндөгү унаалар кагышкан.

Жол көзөмөлдөөчүлөрдүн айтымында, «Toyota Ipsum» унаасы Жалал-Абад шаарынан келе жатканда, ал эми экинчи унаа шаарды көздөй бара жатканда кагышкан. «Toyota Ipsum» унаасында 6, экинчи унаада 4 адам болгон.

Жол кырсыктын кесепетинен 1 адам каза болуп, 9 адам оор жараат алган. Алар тез жардам кызматы менен Базар-Коргон райондук ооруканасына жеткирилген.

Базар-Коргон райондук оорукананын директорунун орун басары Ильяз Закировдун маалыматына караганда, 9-ноябрда ооруканага жол кырсыктан жабыркаган 9 адам келип түшкөн.

Жабыркагандар:

- 1949-жылы туулган К.Ракия, Куршаб айыл аймагынын тургуну, баш мээсинен жаракат алган;

- 1997-жылы туулган А.к. Бегайым, Кочкор-Ата шаарынын тургуну, баш мээсинен жаракат алган;

- 1989-жылы туулган Ж.Руслан, Кочкор-Ата шаарынын тургуну, баш мээсинен жаракат алып, оң буту сынган;

- 2000-жылы туулган Х.Кутман, Ноокен районунун тургуну, баш мээсинен жаракат алган;

- 1977-жылы туулган К.Алмаз, Сузак районунун тургуну, баш мээсинен жана көкүрөгүнөн жаракат алган;

- 1990-жылы туулган Р.Айбек, Жалал-Абад шаарынын тургуну, баш мээсинен жана курсагынан жараат алган;

- 2017-жылы туулган С.Биймырза, баш мээсинен жараат алып, кан шишик болгон;

- 1983-жылы туулган Т.к Гүльназ, Аксы районунун тургуну, баш мээсинен жаракат алган;

- 1988-жылы туулган А.Азиза Базар-Коргон районунун тургуну, баш мээсинен жаракат алган;

- Каза болгон жарандын өздүгү аныктала элек.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×