Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-ноябрь
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 08.11.2018 18:46 На русском

Арстанбаптагы «Жаңгак» фестивалы. Сүрөт

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна караштуу Арстанбап айылында «Жаңгак» фестивалы болуп өттү, деп билдирди аймактык кабарчы.

Жаңгак токоюн даңазалаган фестивалга Жогорку Кеңештин депутаты, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, ишкерлер жана жашоочулар катышты. Иш-чараны КРдин өкмөтүнүн алдындагы Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги менен эл аралык кызматташтык боюнча Германия коомунун (GIZ) долбоору биргеликте уюштурду. КРдин өкмөтүнө караштуу Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Жалал-Абад облусттук башкармалыгынын башчысы Бакыт Эрмеков акыркы учурда токойлорду сактоо, аны коргоо үчүн көптөгөн окутуулар жүрүп, анын пайдасы тийип жатканына токтолду.

«Өкмөттүн токтомунун негизинде 2025-жылга чейин токойлодорду жаңыртуу боюнча программа иштелип чыккан. Азыркы тапта ошол программалардын алкагында сапаттуу үрөөндөр жана сапатуу көчөттөрдү күнөсканаларда өстүрүү иш аракеттери жүрүүдө. Ал эми биздин көпчүлүк жаңгак токойлорубуздагы жаңгак дарактарынын басымдуусу карыган, оору түшкөн дарактар. Аларга 100 жылдан 400 жылга чейинки убакыт болду. Ошол себептен алардын оордуна жаңы көчөттөрдү отургузуп, токойду сактап, жаңылашыбыз керек», - деди ал.

Ал эми ишкер Канымбүбү Орунбаева мындай иш-чаралар тез-тез уюштурулуп турса жакшы болмок деген оюн айтты.

«Мен бул иш-чарага Кара-Алма айылынан келдим. Бүгүн мен кургатылган жаңгакты жана кыямдарды алып келгем. Биздин айылда да жаңгак токойлору болгондуктан, андагы мөмө-жемиштерди кургатып, атайын таңгактап сатыкка чыгарганга алып келдим. Кардарлар арбын болууда», - дейт ишкер.

Жалал-Абад облусунда 15 жаңгак чарбасы бар. «Жаңгак» фестивалынын негизги максаты – жаңгак токоюн сактап калуу, кайра иштеп чыгарууну жайылтуу болуп саналат. Фестиваль жыл сайын өткөрүлүп, аны эл аралык кызматташтык боюнча Германия коомунун «Кыргызстандын түштүгүндөгү жаңгак-мөмө токойлорду жана жайыттарды башкарууга жергиликтүү жамааттарды катыштыруу аркылуу биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо жана жакырчылыкты кыскартуу» долбоору ишке ашырып келет. Учурда 125 миң га аянтка суу сактагыч бассейиндер, көпүрө жана күнөсканалар курулууда. Бул токойдон пайда табуу менен табигатка туура мамиле жасоого аркылуу элдин жашоосун жакшыртууга багытталган.

Азыркы тапта Кыргыз жаңгактарын дүйнөлүк рынокко экспорттоого аракеттер жасалууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×