Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Баракелде, Бишкек 08.11.2018 15:30 На русском

Жипке асылып, көпүрөдөн секирип: Милиционер өз өмүрүнө кол салган келинди акыркы секунддарда куткарып калды

Turmush -  6-ноябрда ИИМдин «Шумкар» атайын полкунун кызматкери өз өмүрүнө кол салган келинди куткарып калды.

Түзүмдүн маалыматына караганда, окуя саат 21:30 чамасында болгон. Милициянын сержанты Нурлан Кулданбаев Лев Толстой көчөсүндө жүрүп, кыймыл-аракети шектүү кызды көрүп калган.
«Кыздын аракеттери ага шектүү көрүнүп, ал көпүрөдөн секирүүнү көздөп жатат го күдүк ой пайда болгон. Милиционер тез чуркап барган учурда кыз боюн таштаган. Бирок ал аны кийиминен кармап калууга үлгүргөн. Кыздын мойнунда асылган жиби да болгон. 2-3 мүнөттүн ичинде ротанын командири Улан Улан Кыдырмаев менен анын орун басары Айбек Жумабаев жетип келип жардам беришкен», - деп айтылат маалыматта.

Келиндин ысымы такталып, ал Бишкек шаарынын 19 жаштагы тургуну экендиги аныкталды. Ал бир нече ай турмушка чыккан. Мындай кадамга чатакташуудан улам барган. Аны туугандары алып кетишти. Иликтөө иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×