Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-ноябрь
Талас облусуТалас району 08.11.2018 12:43

Катар-катар жол тандабас унаалар, тосулган адамдар: Ч.Айтматовдун мааракесине келген депутаттардын, чиновниктердин кортежи. Видео

Turmush -  Бүгүн, 8-ноябрда Талас облусунда жазуучу Ч.Айтматовдун 90 жылдык мааракеси башталды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Саат 12:15 чамасында Талас районунун Таш-Арык айылында жайгашкан «Манас Ордо» комплексине депутаттар жана чиновниктер жол тандабас унаалар менен келишти. Алар келе жаткан учурда мааракеге жаңы келген адамдарды тосуп турушту.

Иш-чарага Жогорку Кеңештин спикери Дастан Жумабеков, депутаттар Иса Өмүркулов, Алмамбет Шыкмаматов, Зарылбек Рысалиев, Садык Шернияз «Учкун» ААКтын директору Даир Кенекеев, Талас облусунун жетекчиси Марат Мураталиев жана башка чиновниктер келишти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×