Бөлүмдөр
Ишемби, 17-ноябрь
Нарын облусуАт-Башы району 08.11.2018 11:10

Ат-Башынын Баш-Кайыңды айылынын тургундары чөө кармап алышты (сүрөт)

Turmush -  Ат-Башы районунун Баш-Кайыңды айылынын тургундары чөө кармап алышты. Бул тууралуу Баш-Кайыңды айылынын мергенчиси Калыс Аттокуров билдирди.

Анын айтымында, Баш-Кайыңды айылынын тургундары Жаныш Үрүстөмбеков, Бердибек Кубанычбековдор чөө кармап алышкан.

«Айылда болжол менен 40 чөө бар. Алар тоок, үндүктөргө жана башка майда жандыктарга кол салып жүрүшөт. Буга чейин, тактап айтканда 1 айдан бери 10 миң сомдук чыгым келтиришти. Ал эми кармалган чөөнү сарайга камап коюшту», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×