Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-ноябрь
08.11.2018 10:06 Жаңыланды: 08.11.2018 18:02

Байгеге коюлган унаалар, союлган жылкылар, 100 боз үй, 5 миң адам: Таласта Ч.Айтматовдун 90 жылдык мааракеси өттү. Видео

Turmush -  Бүгүн, 8-ноябрда Талас облусунда жазуучу Ч.Айтматовдун 90 жылдык мааракеси башталды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалыматка караганда, иш-чара саат 10:00до Ч.Айтматовдун Талас шаарындагы айкелинин алдына гүлчамбарларды коюу менен башталды. Мааракеге Ч.Айтматовдун карындашы Роза Айтматова, уулу Эльдар Айтматов, Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков баш болгон бир топ депутаттар келишти.

Салтанатка карата мурдатан даярдык көрүлүп, «Манас Ордо» комплексине 100 боз үй тигилген болчу.

Саат 12:15 чамасында Талас районунун Таш-Арык айылында жайгашкан «Манас Ордо» комплексине депутаттар жана чиновниктер жол тандабас унаалар менен келишти. Алар келе жаткан учурда мааракеге жаңы келген адамдарды киргизбей тосуп турушту.

Иш-чарага Жогорку Кеңештин спикери Дастан Жумабеков, депутаттар Иса Өмүркулов, Алмамбет Шыкмаматов, Зарылбек Рысалиев, Садык Шернияз «Учкун» ААКтын директору Даир Кенекеев, Талас облусунун жетекчиси Марат Мураталиев жана башка чиновниктер келишти.

Мааракесинин алкагында Талас шаарында К.Медетбеков атындагы драма театрында Ч.Айтматовдун айылы Шекерден келген элдик театр анын чыгармаларындагы каармандарын чагылдырып келишти.

«Айтыш» фондунун жетекчиси Садык Шернияздын айтымында, мааракеде төкмө акындардын айтышы уюштурулат. Сынакка катышууга жалпы 50 акын аракет кылган. Анын ичинен тандалып алынган 16 акын бүгүн айтышат.

Мааракенин алкагында Ч.Айтматовдун чыгармачылыгынын негизинде тартылган 28 сүрөт көргөзмөгө коюлду. Сүрөттөр келген конокторго тааныштырылып жатат.

Ар кандай тамак-аштар жасалып, боз үйлөргө коюлду. Эттер кайнап, түркүн даамдар жасалып жатат. Бул даамдарды мамлекеттик мекеме тамактарды жасап жатат.

Өздүк булактардын айтымында, бул маараке үчүн 12 жылкы союлду.

Салтанатта көк бөрү боюнча мелдештин финалдык таймашы уюштурулду. Күч сынашууга Бакай-Ата районунун «Ынтымак» командасы менен Кара-Буура районунун «Кара-Буура» командасы чыкты. Мелдештин байгелерине унаалар коюлду.

Көк бөрүдө 35 кг серке тартышка түштү. Оюндагы биринчи упайды тайказанга Султан уулу Кубаныч таштады. Уюштуруучулар 1-упайга 35 миң сомдук ээрди байгеге койгон болчу.

Талас облусунун жетекчиси Марат Мураталиевдин айтымында, салтанатка жалпы 6 млн 900 миң сом чогулган. Анын ичинен 500 миң сому президенттин фондунан бөлүнсө, 300 миң сому Жогорку Кеңеш тарабынан каржыланган. Мааракеге 5 миңден ашык адам катышты.

Төкмө акындардын айтышынын жыйынтыгы чыгып, жеңүүчүлөргө байгелер тапшырылды.

- Баш байге — Амантай Ктманалиев (200 миң сом);

- 1- орун — Баян Акматов (150 миң сом);

- 2-орун — Абдылда Нуралиев (80 миң сом);

- 2-орун — Асылбек Маратов (80 миң сом);

- 3-орун — Кадырбек Бейшенов (50 миң сом)

Дагы 10 акынга 20 миң сомдон кызыктыруучу байге тапшырылды.

Көк бөрү боюнча мелдештин жыйынтыгы:

- 1-орун — Бакай-Атанын командасы алды (400 миң сом);

- 2-орун — Кара-Бууранын жаштар командасы (300 миң сом);

- 3-орун — «Бакайыр» командасы (200 миң сом);

Активдүү катышкан командаларга кызыкытруучу белек катары 100 миң сом бөлүнүп берилди.

Кыргыз күрөш боюнча мелдештердин жыйынтыгы.

60 кг салмактагылар:

- 1-орун — Токтогул районунун келген Эсенбек уулу Амангелди (унаа утту);

- 2-орун — Баястан Сүйүнбеков (70 миң сом);

- 3-орун — Сыймык Алымкулов (50 миң сом).

75 кг салмактагылар:

- 1-орун — Санжар Аманов (унаа утту);

- 2-орун — Муратбек уулу Нурмат (70 миң сом);

- 3-орун — Зиямидин Сатыбеков (50 миң сом).

Жогорку салмактагылар:

- 1-орун — Нурбек Кожобеков (унаа утту);

- 2-орун — Токтогонов Нурболот (70 миң сом);

- 3-орун — Кожомуратов Бексултан (50 миң сом).

.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×