Бөлүмдөр
Ишемби, 17-ноябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 08.11.2018 08:32 На русском

«Тагдыр»: Кыз төрөгөнү үчүн күйөөсү таштап кеткенде инсульт болгон Гүлзат каза тапты

Turmush -  Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылынын тургуну Гүлзат Төрөгелдиева узакка созулган оорудан улам каза тапты. Ал күйөөсү кетип калгандан кийин эки кызын жалгыз тарбиялап жаткан. Бул маалыматты Turmush басылмасына эжеси Элиза Төрөгелдиева тастыктады.

Гүлзат Төрөгелдиева эки кызы менен аталган эжесинин ижарага алган батиринде убактылуу жашап жаткан. Маркум 12-октябрда жерге берилди.

«Сиңдим керек болсо жолдошунан көргөн запкыдан улам акыры кыйналып кете берди. Көзү тирүүсүндө мага аманат кылып эки кызын кийин кароомду өтүнгөн эле. Сиңдим каза болуп кан жутуп отурсам, көзү барда сыйлабаган күйөөсү, кайындары келип эки кызын талашып жатышат. Бул маселе боюнча атайын комиссия да түзүлдү. Мен кыздарды күйөө балама бербейм. Анткени ал кыздардын апасын "кыз төрөдү" деп жээрип, сабагандан улам майып болуп, кор болгон. Ал кыздарына татыктуу тарбия бере албайт. Сиңдимдин аманатын аткарып, кыздарын өзүм карайм», - деди маркумдун эжеси.

Ал учурда түзүлгөн комиссия кыздар кимдин көзөмөлүндө калары боюнча маселе бир айдан үч айга чейинки убакытта белгилүү болорун кошумчалады.

Буга чейин Turmush басылмасы Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылынын 40 жаштагы тургуну Гүлзат Төрөгелдиева экинчи кызын төрөгөндөн кийин эки жолу инсульт алып, 1-топтогу майып болгонун маалымдаган.

Г.Төрөгелдиеванын айтымында, ал 1977-жылы туулган. Жолдошу менен 20 жыл бирге жашап, эки кыздуу болушкан. Ал кичүү кызы Бурулду операция жолу менен төрөгөн. Андан кийин кан басымы көтөрүлүп, инсульт алган.

Учурда улуу кызы Толгонай 8 жашта, кичүүсү Бурул 3 жашта. Гүлзат жолдошу экинчи кызын төрөгөндө «кыз төрөйсүң» деп төрөт үйүнө да барбай койгонун айтат. Жолдошу эки кызы менен таштап кеткенден кийин ал эжеси Элизанын үйүндө убактылуу жашап жаткан.

«Кичүү кызы төрөлгөндөн кийин 20 күн өткөн соң инсульт алып, 5 күн комада жатты. Кийин экинчи жолу инсульт алды. Ден-соолугу начарлап кетти. Өзүмдүн 4 балам бар. Бир жылдын ичинде 4 жолу батирден батирге көчтүк», - дейт эжеси Элиза.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×