Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-ноябрь
Талас облусу, Талас 07.11.2018 15:55

Таласта кыргыз күрөшү жана ат оюндары боюнча таймаштар башталып, баш байгеге автоунаа коюлду (сүрөт)

Turmush -  Бүгүн, 7-ноябрь күнү Талас шаарында кыргыз күрөшү боюнча мелдештин ачылышы болуп өттү. Бул тууралуу уюштуруучулардын бири Алмаз Жакиев кабарчыга билдирди.

Анын маалыматы боюнча, мелдешке жалпы 150 катышуучу келди. Таймаш 3 салмактык категорияда өтөт. 1-орунга «Дэу Равон Нексиа» үлгүсүндөгү 2 унаа жана «Жигули» үлгүсүндөгү 1 унаа коюлду. Ал эми 2-орунга 70 миң сом жана 3-орунга 50 миң сом акчалай байгелер каралган.

Ошондой эле Таласта Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата спорттук ат оюндарынын ачылышы болду. Тактап айтканда, Талас шаарынын Р.Алканов атындагы ат майданында эр эңиш жана көк бөрү оюндары боюнча таймаштар башталды.

Талас облусунун Эр эңиш федерациясынын президенти Стамбек Осмонов: «Чүйдөн бир катар балбандар келди. Жалпы 50 катышуучу бар. 1-орунга 100 миң сомдук «Жигули» автоунаасы байгеге коюлат», - деп билдирди.

Ал эми көк бөрү оюнуна Талас облусунан 7 команда катышууда.

Спорт оюндарынын ачылышына Жогорку Кеңештин депутаты Зарылбек Рысалиев катышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×