Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-ноябрь
Талас облусуКара-Буура району 07.11.2018 12:35 Жаңыланды: 07.11.2018 16:35

40 жыл бирге жашаган жубайлар: Нуржан апа кайненеси жокто нан бышыра албай ыйлаган

Turmush -  «Жубайлар» рубрикасынын кезектеги каармандары — 60 жаштагы Нуржан Кайранова жана жолдошу 61 жаштагы Абдыкул Ногоев.

Жубайлар 1979-жылы май айында баш кошуп, 3 уул жана 3 кыздын ата-энеси болушту. Алар 46 жылдан бери суу чарбасы тармагында эмгектенип келишет.

«Өзүм Токмок шаарынын кызымын. Орто мектепти аяктап, Айыл чарба техникумунда билим алып баштадым. Жолдошум экөөбүз бир тайпада окучубуз. Экөөбүздүн таанышуубуз окуу жайдан башталган. Окууну бүткөнчө жакшы мамиледе сүйлөшүп жүрдүк. Кийин ал аскерге чакырылып, кызмат өтөөгө кетти. Мен техникумду аяктап, Ак-Бешим совхозунда иштеп калдым. Ал жакта апамдын эжелери жашайт. «Биздин үйдөн барып-келип иштеп жүрө бересиң» деп чакыртып алган. Ал орто жаштагы аял эле. Бир күнү үйгө кетем десем, жибербей койгон. Көрсө, ала качуу ишинде апамдын эжеси дагы бар экен. Мени ошол себептен кетирбей коюптур. Аны кийин айтып берди.

Ошол күнү кечинде Абдыкул аскерден 3-4 бала болуп келишти. Эртеси автобекетке барып, аны айылына узатмай болдук. Ошол жерден «мен сени өзүм менен кошо алып кетем» деп туруп алды. Ал жубай кылып алам деген жок, мен да эч нерсе деген жокмун. Экөөбүз унчукпай билет алып, түнкү автобуска түшүп кете бердик. Ал учурда азыркыдай унаа жок. Түнкүсүн автобуста эл көп, тыгылып, айылга жеткенче туруп келгенбиз (күлүп).

Мен ата-энеме турмушка чыгып жатам деп кабар бердим. Ата-эне болгондон кийин баары бир урушат да. Мени да «алыс жерде сага эмне бар, тийбе эле тийбе» деп аябай урушкан болчу.

Ошентип, 1979-жылы Таластын Кара-Буура деген айылына келин болуп келдим. Келиндин келгендегиси кызык деп коёт эмеспи. Мен да кызыктуу күндөрдү өткөрдүм. Нан бышыра албай ыйлаган күндөрүм да болгон. Бир күнү кайненем кыкты калап нан бышырабыз деп калды. Мен отту жагып даярдадым. Ал учурда апам кошунанын үйүнө жумуштап кетип калды. Камыр болсо улам ашып кетет, колумду суулап, ийлеп коём. Акыры апам келгенче отко казанды коюп, камырды сала баштадым. Камырым казанга жабышпай эле агып түшүп калат. Бир нече жолу кайталап салдым, улам эле агып түшөт, чыдабай ыйлап жибергеним эсимде. Бир убакта апам келип, казанды какшытып, анан камырды салат деп көрсөттү. Көрсө, казандын да сырлары болот экен.

Жолдошум экөөбүз өмүр бою мамлекеттик кызматкер болуп иштедик. Ал убакта райондон айылга жөө барып иштечүбүз. Унаа деген жок. Отчёт тапшырабыз деп районго барарда эртең менен эрте чыгып, кечинде жөө келчүмүн. Кийин эмгек акыбызды чогултуп отуруп, «Жигули» унаасын сатып алганбыз. Азыр ойлосом, айыл боюнча 3 киши унаа алган экенбиз. Азыр кудайга шүгүр, баары жакшы. Чогуу түтүн булатып жашап келе жатканыбызга 40 жылдын жүзү болду», - деп айтып берди Нуржан апа.

Жубайлар 3 уул жана 3 кыздын ата-энеси, 19 небереси бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×