Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-ноябрь
Ош облусу, Ош 07.11.2018 12:24 На русском

Оштун өспүрүм футболчулары эл аралык мелдештен 1-орунду ээлеп келишти (сүрөт)

Turmush -  Өзбекстандын Бухара шаарында 12 жашка чейинки балдар арасында өткөн эл аралык футбол таймашында Оштун өспүрүмдөр командасы 1-орунду ээлешти. Команданын машыктыруучусу Учкун Абдыжапар уулу билдиргендей, мелдешке Казакстан, Өзбекстан жана Кыргызстандан жалпы 12 команда катышкан.

«Бул эл аралык мелдеш болуп саналат. Ага 12 жашка чейинки балдар катышып, арасында 11 жаштагы футболчу балдар да болду. Мелдешке Өзбекстандан, Казакстандан жана Кыргызстандан жалпы 12 команда катышты. Командалар үчтөн болуп, 4 топко бөлүнүшкөн.

Биз өзүбүздүн топто эки оюн өткөрдүк. Анда Бухара шаарынын командасын 5:2 эсебинде, андан кийин Самарканд шаарынын командасын 3:1 эсебинде уттук. Биз ушул эки команданы жеңип, өзүбүздөн топтон чыктык. Калган 3 топтон дагы бирден командалар чыгып, кийинки турда биз Андижан шаарынын командасына туш болуп, аны да 3:0 менен жеңип алдык. Ал эми финалда биздин команда Алматанын командасына каршы чыгып, аларды да жеңишти. Жыйынтыгында биз кубокко ээ болдук», - деди У.Абдыжапар уулу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×