Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-ноябрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 06.11.2018 10:14

Бишкек—Ош жолундагы кырсыктан 2 адам жабыркады

Turmush -  Кечээ, 5-ноябрда саат 22:20 чамасында Бишкек—Ош унаа жолунун 375-чакырымында, тактап айтканда Кара-Көл шаарынын Сары-Булак айылындагы жол кырсыктан 2 адам жабыркады.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, «Фольксваген Пассат» менен «Тойота Хайлюкс Сурф» унаалары кагышкан. Жол кырсыктын кесепетинен 1981-жылы туулган В.Д. менен 1987-жылы туулган Г.С. жаракат алган. Куткаруучулар аларга биринчи медициналык жардам көрсөтүп, тез жардам кызматына өткөрүп беришти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×