Бөлүмдөр
Ишемби, 17-ноябрь
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 05.11.2018 17:22 На русском

Фото — Асылган денеси табылган 18 жаштагы Эрмектин сүйгөн кызына жөнөткөн акыркы SMS-билдирүүсү

Turmush -  Ысык-Көл облусунда мал уурдады деп айыпталгандан кийин асылып турган денеси табылган 18 жаштагы Эрмек Касымов акыркы жолу сүйлөшүп жүргөн кызына SMS-билдирүү жөнөткөн.

Аида [аты өзгөртүлдү] Turmush басылмасына берген комментарийинде билдиргендей, Эрмек экөө 2 жылдан бери сүйлөшүп жүрүшкөн. 18-октябрда анын туулган күнү болгон. Ага чейин Эрмек Аидага телефон белек кылган болчу.

«Ал телефонду менин туулган күнүмө карата сатып алганын айткан. Ошол күнү ал жакшы маанайда болчу, биз чогуу план түзүп, бири-бирибизди сүйчүбүз», - дейт ал.

Анын айтымында, 21-октябрда саат 15:00 чамасында Эрмектен SMS-билдирүү алган. Анда Эрмек милицияга арыз жазган айылдашынын малын уурдабаганын жана ал эч нерсеге күнөөлүү эмес экенин билдирген.

«Билдирүү күндүз келген, мен ага телефон чалганымда ал жооп бербей жатты. Кечинде ал мага кайра байланышып, эшикке чыгууну өтүндү. Чыгып, экөөбүз сүйлөшүп турганда ал мага бул биздин акыркы жолугушуубуз экенин жана экинчи жолукпай турганыбызды айтты. Мен ага мындай деп сүйлөбөөнү жана бардыгы жакшы болорун, баары алдыда экенин айттым. Ал үйүнө кетип, мен дагы үйгө киргем. Эртеси, 22-октябрда малчылар талаадагы бакта анын асылып турган денесин табышыптыр. Милиция ага жапкан жалаага ишенбейм. Ал андай адам эмес болчу. Биз 2 жылдай сүйлөштүк. Ал тамеки тартпай, спирт ичимдигин иччү эмес. Көрүнгөн жерде жүрбөй, өзүн тартиптүү алып жүрчү», - дейт Аида.

Эрмек менен Аида келечекке чогуу план түзүп, кийинки күздө баш кошууну пландап жүрүшкөн.

«Ал мага мен 11-классты бүтөрүм менен үйлөнөм деп айтчу. Мен болсо университетте жок дегенде 1-курсту аякташым керек дечүмүн. Биз бактылуу болуп, чоң үй-бүлө кургубуз келчү. Эми ал жок, мунун баары кээ бир адамдардын туура эмес тыянак чыгарганынан улам болду», - дейт Аида.

Ал эми Ысык-Көл ОИИБдин маалыматына караганда, Эрмек 3 баш майда мал-жандыкты сатуудан түшкөн 12 миң сомго сүйлөшкөн кызына телефон сатып алган.

Ал эми маркум жигиттин атасы Нурлан Асанбеков Эрмек телефонду өзүнүн эмгеги менен тапкан акчага сатып алгандыгын билдирди.

«Ак-Суу РИИБдин кызматкерлери кыздын үйүнө барып, телефон уурдалганын айтып, аны алып кетишкен. Кызды мажбурлап арыз жаздырышкан. Өспүрүм кыз [2001-жылы туулган] жана милиция кызматкерлери жүргүзүлүп жаткан иш тууралуу ата-энесине айтышкан эмес. Бирок телефонду алар далил буюм катары сейфке сактап койбостон, Адилет аттуу милиция кызматкери көтөрүп жүргөн. Мен аны көрүп, ал белекке берилген телефон экенин айтып, эмне үчүн аны сейфке салбаганын сурагам. Ал «бул сенин ишиң эмес» деп жооп берди», - деди ал.

Буга чейин Ак-Суу районунун Бөрү-Баш айылында 18 жаштагы жигит асылып каза болгондугу маалымдалган.

«Вентус» коомдук бирикмеси Бөрү-Баш айылынын тургуну Нурлан Асанбековдун видео кайрылуусун жарыялады. Ал кайрылууда 2000-жылы туулган баласы Эрмек Касымовду милиция кызматкерлери сабап өлтүрүп койгондугун айткан.

Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматы аталган билдирүүгө жооп берип, 22-октябрда Ак-Суу РИИБге Эрмек деген бала даракка асылып каза болгону тууралуу маалымат түшкөндүгүн билдирди.

Аталган факты боюнча окуя болгон жерге иликтөөчү топ барган. Жигиттин денеси айылдын четиндеги дарактан табылган. Соттук-медициналык экспертизанын, дарыгерлердин көзүнчө денеге кароо жүргүзүлүп, анын мойнунан жиптин изи бар экени көрүнгөн. Аталган факты Ак-Суу РИИБге катталып, экспертиза дайындалган.

Облустук милициянын маалыматына караганда, 19-октябрда Ак-Суу РИИБге Бөрү-Баш айылынын тургуну К.Жыпаркүл кайрылып, 13-октябрда белгисиз адамдар сарайынан 3 жандык малын уурдап кеткендигин билдирген. Аталган уурулук кылмышка шектелип Э.Касымов кармалган. Ал өзүнүн көрсөтмөсүндө 3 койду уурдагандыгын айткан. Андан кийин аларды атасынын унаасы менен Караколго алып барып, 12 миң сомго сатып жиберген. Аталган акчага өзүнүн сүйлөшкөн кызынын туулган күнүнө мобилдик телефон алган. Аталган факты боюнча мал уурулук беренеси менен кылмыш иш козголгон.

ОИИБ мындан тышкары кыйноо жөнүндө билдирүү жасаган адам ИИМдин базасында 1984-жылы 7 жылга камалган адам катары тургандыгын билдирди. 1996-жылы мал уурулук үчүн 3 жылга камалган. 1998-жылы бейбаштык менен кылмыш жоопкерчилигине тартылып, айып төлөгөн. Мындан тышкары 2008-жылы бейбаштык боюнча жоопкерчиликке тартылган. 2013-жылы мал уурулук боюнча айып тагылган. Бирок зыяндын орду толтурулганы үчүн жабырлануучу тарап менен макулдашылып, кылмыш иш токтотулган.

Э.Касымовдун өлүмү, Н.Асанбековдун кайрылуусу боюнча Ак-Суу районунун прокуратурасы, милиция кызматкерлери тарабынан иликтөө иштери жүрүп жатат. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча кошумча маалымат берилет.

Н.Асанбеков Turmush басылмасына берген комментарийинде Ак-Суу РИИБдин имаратында 3 милиционер баласынын башына баштык кийгизип, суу куюлган желим бөтөлкө менен сабагандыгын билдирди. Анын айтымында, милиционерлер баласынын кылмыш ишин токтотуу үчүн 70 миң сом талап кылышкан. Эгер акча берилбесе баласына баңгизат салып болсо да кармаша тургандыгын айтышкан.

Бирок баласынын 3 койдун уурдалышына тиешеси жок экенин айтып берчү күбөлөр бар экенин белгиледи. Атасынын айтымында, Эрмек топтогон акчаларын үйүндө сактап жүрчү. Ал 6 айдан бери 45 миң сомдон маяна алып, чабан болуп иштеп жүргөн.


Эрмек Касымовдун апасы

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×