Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-ноябрь
Ош облусу, Ош 05.11.2018 15:36

Оштогу Курманжан датка мектебинин окуучулары каражат топтоп, муктаждарга жардам көрсөтүштү

Turmush -  Ош шаарындагы «Сапат» лицейине караштуу Курманжан датка башталгыч мектебинин окуучулары шаардагы жардамга муктаж үй-бүлөлөрдөн кабар алышты. Жардамдашуу — адамдын эң негизги, маанилүү жана ыйык сапаттарынан бири, деп белгилешет лицейдин мугалимдер жамааты менен окуучулары.

«Бул дүйнөдө ар адам ар түрдүү шартта жашайт. Кээ бири өтө жакшы абалда болсо, кээ бирөөнүн жылынаар жайы, жегенге наны да жок. Балага ошол сапаттарды үйрөтүү кичи кезинде башталат.

Бул жолу окуучулар көп балалуу үй-бүлөлөргө, ата-энесинен ажырап, чоң атасы менен чоң эненин колунда тарбияланып жаткан балдарга жолугуп, кабар алып келишкен», - деп билдиришти билим берүү мекемесинен.

Лицейдеги 1-2-3-4-5-6-класстардагы окуучулар өз демилгеси менен кайрымдуулук үчүн акча каражат топтошкон. Ал каражатка күнүмдүк турмушка керектүү болгон азык-түлүктөрдү сатып алышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×