Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-ноябрь
Чүй облусуКемин району 03.11.2018 14:23

Кеминде ар бири 5 000 долларга бааланган 10 жылкы жоголду. 4 баш жылкы табылып, дагы алтоосу изделүүдө (сүрөт)

Turmush -  Кемин районунда жергиликтүү тургундун 10 жылкысы жоголуп, анын төртөө милиция кызматкерлери тарабынан табылды. Алдын ала маалыматтарга караганда, жоголгон ар бир жылкынын баасы 5000 миӊ доллардын тегерегинде турат.

2018-жылдын 19-октябрь күнү 62 жаштагы Б.Л. аттуу тургун райондук ички иштер бөлүмүнө кайрылып, Кемин районуна караштуу Ильич айыл аймагынан 10 жылкы жоголгондугу тууралуу билдирген. Учурда он жылкынын төртөө табылып, алтоо изделүүдө.

«Биздин жылкылар Кемин районунун Ильич айыл аймагында жайгашкан жайлоодо болчу. Негизи ал жакта малчыларыбыз бар. Өзүбүз да чогуу каралашып турабыз. Кечкисин короого киргизип турчубуз. 17-18-октябрь күндөрү кар жаап, мен карап калдым. Ата-энем шаарга кетишкен. Эртеӊ менен туруп, шаарга окууга кетерде жылкыларды карасам эле беш-алтоо оттоп жүрүптүр. Баары толук эле болсо керек деп кетип калгам. Мен кеткенден кийин эле жоголгон окшойт, белгисиз», - деди жылкылардын ээсинин кызы Милана Ибрагимова.

Ал эми жылкылардын ээси С.Ибрагимовдун айтымында, 19-октябрь күнү 10 жылкы чогуу жоголгон.

«Райондук ички иштер бөлүмүнө арыз менен кайрылдык. Бул окуя боюнча РИИБдин ыкчам тергөө тобу келип, териштирүү иштерин жүргүзүштү.

2,5 жаштагы тайлар, көк бөрүгө, жарышка чыкчу күлүктөр, таза кандуу жылкылар болчу. Казакстанга айдап кетти го деп ойлогонбуз. Бирок, чек ара кызматы сыртка өтпөгөнүн билдиришти. Милиция кызматкерлери жакшы иштеп жатат. Алардын ыкчам издөөсүнүн негизинде төрт жылкыбыз табылды. Ыраазыбыз. Биз милиция кызматкерлери менен издеп баштаганыбызда уурулар төртөөнү кое берип жиберишти окшойт. Анткени бир үйүр жылкы өзүнчө бөлүнүп жүрбөйт. Эми алтоо табылбай жатат. Калган жылкыларга да издөө иштери улантылууда», - деди ал.

Малын жоготкон тургундар милиция кызматкерлерине ыраазычылык иретинде ачык кат жолдошкон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×