Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-ноябрь
Талас облусуБакай-Ата району 29.10.2018 17:25

Айылдагы автобуста той... Тойго кеткен чыгымды үнөмдөп (фото)

Turmush -  Бакай-Ата районунун Бакай-Ата айылынын 24 жаштагы тургуну Калмурат Эшималиев 23-октябрда өткөн үйлөнүү тоюнда кортеждин ордуна автобус жалдады.

Өзүнүн айтымында, жубайы Муктарбек кызы Сайкал экөө мындай кадамга чыгымды азайтуу жана коопсуздукту сактоо максатында барган.

«Мен башкалардай эле окшош өңдөгү кымбат баалуу унаалар менен чыгабыз го деп ойлоп жаткам. Бирок ата-энем кооптонушуп, мага автобус болсо кандай болот деп кеңеш беришти. Чындап эле ойлонуп көрсөк коопсуз экен. 10 чакты унаа менен чыгып, жолдо бири-бири менен жарышып, ар жерге токтоп жүргөн жаштарды көп эле көрүп жүрөбүз. «Бул тойдо мындай кырсык болду» деген сөз дагы жаман эмеспи.

Ошентип акыры тойдогу кортеждин ордуна 50 кишилик автобуска токтолдук. Бир айдоочу тынч, мыйзамдуу ылдамдыкта айдап жүрдү. Ичинде 30дай адам болдук. Жалпы тойдогу унааларга 15 миң сом сарпталды. Досторубуз автобусту экөөбүздүн сүрөтүбүз менен жасап коюшкан экен. Той кызыктуу өттү», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×