Бөлүмдөр
Жекшемби, 26-май
Ош облусуКара-Суу району 24.10.2018 15:45

Кара-Суунун Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүндөгү жер маселеси

Turmush -  Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүндө турак үй куруу үчүн берилүүчү жер тилкелерге байланыштуу талаш-тартыштар токтой элек. Аталган айыл өкмөткө караштуу Сүрөт-Таш участкасында унаа өтүүчү жолдон үй курууга жер тилке берилип жатканын жергиликтүүлөр айтып чыгышты.

Жергиликтүү жашоочусу Дилафруз Рахманованын айтымында, алар бул баш аламандыкка ким күнөөлүү экенин билишпейт.

«Менин билишим боюнча айылда 5 көчө болсо, ошол көчөлөрдүн ар биринен экиден адамга жер берилиптир. Ошондо 5 көчөдө 10 адамга жер берилген. Анын ичинен бирөө үй кура баштады.

Айылда аралыгы 200 метрден болгон жол түптөлгөн. Ал унаа жүрүүчү, адамдар басуучу жол болушу керек эле», - деди Д.Рахманова.

Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүндө жер тилкелер мыйзамсыз сатылып жатканы боюнча буга чейин да айтылган. Бирок бул сөздөрдү айыл өкмөт башчысы четке кагып келет. Бул жолу да айыл өкмөт башчысы Шарабидин Капаров айтылган кептерди төгүндөп, маселени 2005-жылдагы иштер менен байланыштырды.

«Жер башкы пландын негизинде гана берилет. Ал эми айтылып жаткан жер тилкелер 2005-жылы бөлүнгөн. Анда мен айыл өкмөт башчы эмес элем. Жерди айыл өкмөт бере албайт. Биз токтом гана чыгарабыз. Жерди архитектура башкармалыгы бөлүштүрүп берет», - деди Ш.Капаров.

Ал эми мурунку айыл өкмөт башчысы Батыр Казаков Шарабидин Капаровдун өзүн күнөөлөдү. Анын пикиринде, азыркы айыл өкмөт башчы ошол кезде жер бөлүштүрүү комиссиясынын төрагасы болгон.

«Ошол убакта жер бөлүштүрүү комиссиясынын төрагасы азыркы айыл өкмөт башчысы Шарабидин Капаров болгон. Эски чечимдердин негизинде токтом чыгарып жатат», - деди Б.Казаков.

Кара-Суу райондук архитектура кызматы жана шаар куруу башкармалыгынын кызматкери Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүндөгү жер сатуу боюнча иштерден кабары жок экенин билдирди.

Башкармалыктын жетекчисинин орун басары Равшан Аширов буларга токтолду: «Жердин ээси айыл өкмөт болуп саналат. Алар башкы пландын негизинде жерлерди бекитет. Биз ошонун негизинде эле жерлерди бөлүштүрүп коёбуз. Ал эми Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүндөгү жер сатуу маселеси боюнча кабарым жок», - деди Р.Аширов.

Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн 1 жылдык бюджети 27 млн сомду түзөт. Анын карамагында 7 айыл бар. Анда 35 миң калк жашайт. Бүгүнкү күндө Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүндө 3 миңге жакын адам жерге муктаж.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×