Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-ноябрь
20.10.2018 14:23 Жаңыланды: 20.10.2018 16:21 На русском

«Кыргызстан сулуусу - 2018»: 30 талапкердин сүрөттөрү

Turmush -  «Кыргызстандын сулуусу - 2018» наамынын ээси 2018-жылдын 5-ноябрында Бишкек шаарында аныкталат. Республикалык сынактын уюштуруучусу Рыскүл Намазбекованын айтымында, бул наам жана таажы үчүн 30 сулуу ат салышат.

Башкы байгеге автоунаа да даярдалган. Ошондой эле республикалык сулуулар сынагынын жеңүүчүсү Кыргызстандын атынан эл аралык «Дүйнө сулуусу» сынагына катышууга жолдомо алат.

Сынактын жарым финалы август айында өтүп, ага 64 талапкер катышкан. Тандоодон кийин алардын ичинен 40 талапкер кийинки турга өтүп, ал эми финалдык турга 30 сулуу жетти. Учурда ар тараптуу даярдык иштери жүрүп жатат.

--------------------------------------------------------------

«Кыргызстандын сулуусу» сынагы алгачкы жолу 1995-жылы уюштурулган. Андан кийин таажы кийгизилген республикалык сулуулар сынагы 2011-жылы өтүп, үзгүлтүксүз уюштурулуп келет. Андагы жеңүүчүлөр «Дүйнө сулуусу» жана ар кандай деңгээлдеги эл аралык сынактардын катышуучусу болушту.

«Кыргызстандын сулуусу» наамын жеңген сулуулар (2011-жылдан бери):

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×