Бөлүмдөр
Жума, 18-январь
Ош облусу, Ош 18.10.2018 18:03 На русском

Күйөөсүн аңдыган аялдар, мейманкана издеген көңүлдөштөр... Таксист айымдын окуялары (сүрөт)

Turmush -  Ош шаарынын тургуну Бегимжан Шарипова 10 жылдан бери жеке унаасы менен жүргүнчүлөргө кызмат көрсөтөт. Унаа алуу үчүн алгач Россияда тигүүчү болуп иштеп, акча чогулткан. Кыргызстанга эс алууга гана келип, айдоочу болуп калганын кабарчыга айтып берди.

Таксист айым: «Орусиядан келип, унаама инимдин таксофонун коюп алып отурсам кардарлар өздөрү келе башташты. 1-2 күн жүргүнчүлөрдү ташып көрүп, Россиядагы акчаны ушул жерден деле таба турганымды түшүндүм. Кичинемден унаа айдаганга кызыккандыктан бул кесип мага жагып калды. 7 жыл күндүз базардын ичинде кардарларды ташып иштедим. Алар менен иштешүү жеңил болчу, себеби алардын мүнөзүн билип каласың. Ал эми 1 жылдан бери түнү иштегендиктен түрдүү адамдар менен сүйлөшүүгө туура келет. Көпчүлүк адамдар түнү жалаң мастар түшөт деп ойлойт, бирок андай эмес. Бара-бара кимге кандай сүйлөөнү үйрөнүп каласың», - деди.

Бегимжандын жолдошу алгач каршы болгону менен учурда жубайынын тандоосун колдойт.

«Жолдошумду жумушка жөнөтүп коюп, артынан билдирбей чыгып иштеп келчүмүн. Кичинемден унаага кызыккандыктан ата-энем да каршы болгон жок. Апамдын айтуусунда бала бакчада балдарга куурчагымды берип, алардын унаа оюнчугун алып алчу экенмин. Жумушум 18:00дөн тарта таңкы 08:00гө чейин уланат. Кардар жок убакта интернетте отурам. Кээде үйгө жетпей, унаада уктап калам. Андай күндөрү апам "экинчи иштебейсиң, аялдай болуп үйдө отурасың" деп урушуп калат. Телефонго келген чалууну уксам да жооп бергенге алым келбей калган учурлар болгон», - дейт Бегимжан Шарипова.

Жүргүнчүлөрдү ташыган алгачкы жылдары адамдар таң калып карап, «башка жумуш жокпу» деп сурап тажатышкан. Бирок Бегимжан айым Кыргызстандагы орточо айлыкты 10 күндө табарын айтат. Түнү жүргүнчү ташуу коркунуч жаратпайт. Себеби ал Оштогу такси кызматын көрсөткөн компаниялардын биринде иштейт. Унаасы тиешелүү жабдыктар менен камсыздалган.

«Шаардын чет жагына чыгып бара жатканда рация аркылуу диспетчерге кабарлап коём. Алар кайсы убакта келеримди болжоп, телефон чалышат. Кардар чектен чыгып бара жатса, үнүмдү өктөм чыгарып коём. Түнкү клубдан бака-шака болуп чыккан балдар-кыздарга да катуу эскертем. Бир ирет күндүз эле колдоруна сыра кармаган балдар түштү. Унаанын ичинде сыра ачпагыла деп суранганыма карабай, төгүп жиберишти. Жолдун ортосунда унааны токтотуп, акчасын алып, урушуп түшүрүп салдым. Алар унааны тазалатып бере турганын айтышты. Сөгүнүп, кыйкырып сүйлөгөндөргө унчукпай, катуу ылдамдыкта кете берем», - дейт таксист айым.

Түнкүсүн сүйлөшкөн кыздарын үйүнө жеткирген жигиттер, көңүлдөштөрү менен мейманканага барган кардарлар, күйөөсүн аңдыган аялдардын окуяларын көргөн Бермет Шарипова психолог болуп калганын айтты. Ыйлаганын сооротуп, мас адамдардын мактанганын кубаттап, кыз-жигиттер менен тамашалашып, айткан жерлерине жеткирет.

«Бир жолу унаада кардар күтүп отурсам эшикти ачкан аял "айда" деди. Андан кайда шашып жатканын түшүндүрүүнү сурансам, "күйөөмдү кармап, азыр ажырашам" деди. Башымды балээге калтырып, алардын ызы-чуусуна аралашкым келбей, унаадан түшүрүп салдым. Айрымдар "күйөөмдү ушул жерден көрүшүптүр, күтүү режимине коюп, күтүп туралы" дешет. Мени аралаштырбай, даракка жашынып алып күтө бериңиз деп кетип калам. Ал эми көңүлдөштөр дароо эле байкалып калат. Эртеңки пландарын сурашып, мейманканага жеткенче жытташып барышат. Андайларды күндүз көрсөң тааныбагандай, эч нерсени көрбөгөндөй болуп коюшуң керек.

Бир жолу 65 жаштагы аял менен 30 жаштан өтүп калган жигит унаама түштү. Мейманкана таап берүүмдү суранышып, мен алып барган жерди жактырышкан жок. Жигит мени бирөөлөргө айтып коёт деп шек санадыбы "сен жаккан жоксуң, унааны токтот түшөбүз" деп калды. Ал сыра алганы түшүп кеткенде жанындагы аялдын "негизи бул жигит менин тандоомо деле туура келбейт" дегенине аябай таң калгам. Унаадан түшүп бара жатып аял жыгылып калды. Ал жигитине "сен менин акчам үчүн эле жанымда жүрөсүң, жыгылганда кармап калбайсың" десе, жигит "акчаңыздын кереги жок, мага сиз керексиз, сүйөм" деп жетелешкен бойдон кетишти. Ушундай окуяларды көрүп таң калам, бирок эч кимге айтпайм», - деди ал.

Кээ бир учурларда такси компаниясынын диспетчерлерине күйөөсү менен урушуп кеткен аялдар да телефон чала беришет. Андайда тиешелүү органдарга кайрылуусун сунуш кылышат. Такси компаниясы туристтер менен да иштешкендиктен экинчи ирет келе турган туристтер интернет аркылуу байланышып турушат. Туристтер Оштун тамагы менен суусун мактай тургандыгын кошумчалады.

«Туристтер "силер бейиштей жерде жашайт экенсиңер" десе, өз жерибиздин кадырына жетпейт экенбиз деп калам. Алар өз өлкөлөрүндө дарактарды кыйып, имарат салып жатышканын көп айтышат», - деди Бегимжан Шарипова.

Таксист айым ылдамдыкты сүйүүчүлөрдүн катарына кирет. Ал унаасын үч ирет алмаштырган. Түнү унаа тыгын жок болгондуктан бул убакта иштөө ыңгайлуу экенин айтты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×