Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-ноябрь
16.10.2018 16:09

Папандагы жер чыры: Жергиликтүү бийлик менен айрым жашоочулардын жаңжалы (видео)

Turmush -  Папан айыл өкмөтүнүн башчысы кызматынан убактылуу четтетилген Эрмат Исмаилов менен жер тилкеси жок, батирлеп жүргөнүн айткан жергиликтүү жашоочулардын чыры аяктай элек. Алар жер тилке кезек менен берилбей, жергиликтүү бийликтеги айрым кызматкерлер кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланганын айтып келишет.

Бул чыр тууралуу жери жок делген жашоочулардын жактоочусу Айсалкын Карабаева бүгүн, 16-октябрдагы маалымат жыйында айтты.

Ош

Анын айтымында, Бишкек шаарында маалымат жыйын уюштургандан кийин Фейсбук социалдык түйүнүндө Турдубек Кадырбеков аттуу колдонуучу аны жалганчы деген маалыматтарды тараткан.

«14-октябрь күнү Турдубек Кадырбеков папандыктардан 20 миң сомдон акча алып, качып жүргөнүмдү жазган. Бул фейк колдонуучу деп эсептейм. Мен тууралуу жалган маалыматтарды чыгаргандарга мыйзам чегинде чара көрүлөт, - деди А.Карабаева.

Анын айтымында, Папан айыл өкмөтүнүн башчысы Эрмат Исмаиловго мыйзамсыз жер сатуу боюнча иш козголгон.

«Бул ишти жактоочу катары алгандан кийин, Эрмат Исмаилов таанышым аркылуу бул ишти карабасын деп айттырып жибериптир. Мен ага макул болбой, ишти алгам. Буга чейин ИИМдин уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын тергөөчүсү бул иштерди тергеп, арыз жазгандарды жабырлануучу катары эсептебей, мени алардын мыйзамдуу өкүлү кылып корутунду чыгарган. Мунун негизинде иш Кара-Суу райондук сотунда каралды. Анда биз 15 чакты адамдар барган элек. Бирок сот залына аларды киргизбей койду.

Дагы бир айтуучу жагдайлар бар. Эрмат Исмаилов 9 жыл мурун айыл өкмөт башчы болордо мыйзамсыз документ жасагандыгын облустук прокуратура билдирген болчу. Бирок ошол сунуш 9 жыл бою аткарылбай калды», - деди А.Карабаева.

Ош

Папан айыл өкмөтүнүн дагы бир жашоочусу Ганы Исаев буга чейин айыл өкмөттүн тарапташтары айткан сөздөрдү толугу менен четке какты.

«Менин үйүмдү ӨКМ мурун эле жараксыз деп тапкан. Балдарым батирлеп күн кечирип жатат. Алар бизди 4-5 жер тилке алган деп айтышыптыр. Биз карапайым адамдарбыз. Азыр жер албай жүргөн 130 адам бар. Биздин ишти калыс карап бере турган бийлик өкүлдөрү барбы?», - деди Г.Исаев.

Дагы бир жашоочу Гүлжамал Казыева ушул учурда дагы жерлер сатылып жатканын билдирди.

«Бизге эл аркылуу тоскоолдук кылып жатышат. Бизде жер жок. Ушул ишти аягына чейин чыгаралы деп жүрөбүз. Биз тажап бүттүк, буларга чара көрүп бергиле», - деди Г.Казыева.

Эрмат Исмаилов айтылган сөздөрдү төгүндөп, жер берилбей жатат деген жашоочулардын жактоочусу Айсалкын Карабаева ага жалган жалаа жаап жатканын белгиледи.

«Соттон утуларын сезип калыштыбы, же башка маселе барбы, айтор ар кандай чараларды колдонуп жатышат. Мен азыр соттук процесске кетип жатам. Мен айыл өкмөткө келгенде документтерим боюнча текшерүүлөр болгон, бирок анда эч нерсе табылган эмес. Жалган сөздөрдү айтып, маалымат жыйын уюштуруп, жалган жалаа жаап жүргөнү үчүн ал жактоочуну сотко берип, моралдык чыгым өндүрөм»,-деди Э.Исмаилов.

Буга чейин Папан айыл өкмөтүндөгү жер чырына байланышкан иштер аталган айыл өкмөттүн башчысы Эрмат Исмаиловдун убактылуу жумушунан четтетилишине себеп болгон. Ал арада Папан айыл өкмөтүнүн айрым жашоочулары Эрмат Исмаиловду текшерүү үчүн келген комиссия аларга жолукпай, дале айыл өкмөт тарапка чечим чыгарып жатканын айтып, маалымат жыйын курушкан эле.

Ага жооп кылып аталган айыл өкмөттүн башчысынын орун басары, жер адиси жана ондогон тургундар айыл өкмөттүн үстүнөн тиешелүү органдарга арыз жазып жаткандар 4-5 жер тилкесин алгандар экенин айтып, аларды алдамчы деп аташкан.

Жер тилкени мыйзамсыз берүү фактысы боюнча козголгон кылмыш иш учурда Кара-Суу райондук сотунун кароосунда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×