Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-ноябрь
Жалал-Абад облусуСузак району 15.10.2018 16:32 На русском

«Өзгөчө тойлор»: 23 жаштагы Артурдун үлпөт тою жүк ташуучу унаалардын коштоосунда өттү (фото, видео)

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Бег-Абад айылында үйлөнүү үлпөт той өткөргөн жаш жубайлар кымбат баалуу лимузиндердин ордуна кооздолгон жүк ташуучу унааларда сейилдешти. 12-октябрда үлпөт той өткөргөн Артур Жумабаевдин айтымында, алар жарандык абалдын актыларын каттоо бөлүмүнө 5 жүк ташуучу унаанын, 2 «Мерседес-Бенц Спринтер» унаасынын коштоосунда келишкен.

«Мен 1995-жылы Сузак районуна караштуу Барпы айылында туулгам. Эки бир тууганмын. Менден кийин иним бар. Кичинекей кезимден бери чоң унааларды айдоого кызыкчумун. Акыркы 5 жылдан бери чет өлкөлөргө буйрутмалар менен жүк ташыйм. Быйыл үйлөнүүнү чечип, сүйүктүүм Анарбек кызы Аидага баш коштум. Ал Сузак районунун Кызыл-Багыш айылында 1996-жылы туулган.

Учурда түштүк аймакта үйлөнүү үлпөт тойлор түрдүү автоунаалардын коштоосу менен өтүп жатат. Башка аймактарга караганда бизде өзгөчө болот. Фуралардын коштоосунда сейилдөөнү ойлоп досторума айтсам, алар колдоого алышты. Тойдо сейилдөөгө мени менен бирге иштеген досторум жүк ташуучу унааларын айдап чыгышты», - дейт Артур Жумабаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×