Бөлүмдөр
Шаршемби, 12-декабрь
Ош облусу, Ош 12.10.2018 18:35 На русском

Видео, сүрөт: Ошто 9 жаштагы кызын чынжыр менен тушап койгон үй-бүлөнүн жашоосу

Turmush -  Ош шаарындагы А.Навои атындагы парктан буту чынжыр менен тушалган абалда табылган 9 жаштагы кызды атасы үй тапшырмасын аткарбаганы үчүн жазалаган. Учурда окуучу кыз «Боорукердик» балдар үй интернатында жашап жатса, атасына карата Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 161-беренеси (жашы жете элек баланы тарбиялоо боюнча милдеттерди аткарбоо) менен кылмыш иши козголгонун Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Бүгүн, 12-октябрда Turmush басылмасынын кабарчысы бул окуянын чоо-жайын өздөрүнөн угуп келди. Кыздын атасы Хакимжан Закировдун айтымында, кызы буга чейин үйүнөн эки жолу качып кеткен.

«Кызым буга чейин да качкан. Сабак оку десек эле кача берет. Эки ирет качып кеткенде издеп таап келгенбиз.

4-октябрь күнү узун чынжыр менен басып жүрө тургандай кылып байлап койгом. Антпесе чуркаса жетпейт экенмин. Ошол күнү кечке чынжыр менен үйдө жүргөн. Биз уктап калган мезгилде, кечки саат 22:00 чамасында бир бутун бошотуп, үйдөн чыгып кетиптир. Апасы экөөбүз айлананы издеп таппай койдук», - деди ал.

Ал эми апасы Одина Асранкулованын айтымында, атасы кызын буга чейин урган эмес. Алардын 3 жаштагы уулу да бар.

«Биз экөөбүз тең балдарга катуу тийбейбиз. Атасы сабагыңды оку деген. Кызым деле жакшы кыз, атасынын сөзүн угат. Буга чейин дагы качып, кайра табылган», - деди О.Асранкулова.

Бул үй-бүлө турмуш шарты оор үй-бүлөлөрдүн катарын толуктайт. Ал эми кыздын класс жетекчиси Манзура Кабилованын айтымында, буга чейин да атасы кызын урганы үчүн түшүнүк кат жазган.

«Окуучумдун үйүнө 3-4 жолу барып, турмуш шарты менен таанышып келгем. Буга чейин дагы сабакка келбей койгондо барсам, атасы урганын айтты. Биз атасын мектепке чакырып, түшүнүк кат жаздырып алганбыз. Буга чейин дептерлерине мектептен жардам бергенбиз. Сабактан кийин жакын жашаган окуучуларга кошуп берем. Алар апасына тапшырып кетишет. Быйыл сентябрда ал окуудан калбай келип жаткан. Октябрь айынын башында келбей калды. Үйүнө барсам, чоң энесинин айылдагы үйүнө кеткенин айтышты. Эртеси күнү мектепте сабак өтүп жатсам, бала жоголду деген кабар келди», - деди мугалим.

Ал эми Ош шаардык эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын үй-бүлөнү жана баланы коргоо бөлүмүнүн башчысы Гүлзина Раеванын айтымында, атасынын күнөөсү аныкталса, аталык укугунан ажырашы мүмкүн.

«Бизге 5-октябрь күнү милициядан жашы жете элек кызды атасы чынжыр менен бутунан байлап салыптыр деген кабар келди. Милицияга көргөндөр кабар беришкен. Биз 6 айлык мөөнөт менен кызды "Боорукердик" балдар үй интернатына жайгаштырдык. Кыз шаардагы мектептердин биринде 4-класста окуйт. Үй-бүлөнүн турмуш шарты оор, апасы оорукчан. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.

Эгерде күнөөсү аныкталса, биз кызды ата-энесинен алууга укугубуз бар», - деди Г.Раева.

Үй интернатындагы медайым Зульфия Байвалиева кызга психологиялык жактан жардам көрсөтүлүп жатканына токтолду.

«Алгач алып келгенде абалы начар болчу. Бул жерде азыр ага тарбиячылар, психологдор жардам берип, аны менен иштеп жатышат. Бирок ата-энеси тууралуу эч нерсе айтпай жатат. Балдарга аралашып, сүйлөшүп калды», - деди ал.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Замир Сыдыковдун айтымында, бул факты боюнча кыздын атасына карата кылмыш иши козголгон.

«Кылмыш жаза кодексинин 161-беренеси менен атасына кылмыш иши козголду. Бүгүнкү күндө бул окуя боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалды. Ошонун жыйынтыгына жараша тергөө иштери уланат. Бүгүнкү күндө атасынан жашаган жеринен эч жакка кетпөө боюнча тил кат алынган. Атасынын күнөөсү далилденсе сот тарабынан өз жазасын алат», - деди З.Сыдыков.

Жыл башынан бери Ош шаардында өспүрүмдөрдүн зордук-зомбулукка кабылышы боюнча 16 учур катталган. Анын ичинен 6 учур балдарга карата ыпылас аракет жасоо, 4 учур зордуктоо, 6 факты үй-бүлөлүк зомбулукка байланыштуу болгон. Бирок 16 фактынын ичинен 3 факты гана тастыкталган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×