Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-октябрь
Баткен облусу, Баткен 12.10.2018 16:41 На русском

Фото — Баткенде 8 жаштагы баланы кутурган ит талап, оор абалда ооруканага түштү

Turmush -  Бүгүн, 12-октябрда Баткен районунун Ак-Турпак айылында 8 жаштагы Б.К. аттуу баланы кутурган ит талап, оор абалда ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Дарыгерлердин айтымында, бала Баткен облустук бириккен ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө саат 15:00 чамасында жеткирилди. Ит анын башын, денесин талаган. Азыр башына операция жасалып, учурда наркоздон ойгоно элек.

Баланын атасы Кубат Пазыловдун айтымында, уулу ага талаага тамак алып келе жаткан учурда итке кабылган.

«Мен талаада иштеп жаткам. Балам үйдөн мага тамак алып келе жатканда жолунан ит чыгып тиштептир. Ит качып кетти. Шашып эле баламды ооруканага алып келдик. Уулум 3 баламдын эң чоңу. Кудайдан амандыгын, ден соолугун сурап отурам», - деди ал.

Ал эми Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына караганда, 12-октябрда Баткен облустук бириккен ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө 2010-жылы туулган бала келип түшкөн. Текшерүү учурунда башы, жүзү, мойну тиштелип, травматикалык шок абалда экендиги такталган. Баланын абалы оор. Жаракаттарына биринчи операция жасалып, атайын вакцина берилди.

Бала өзүнө келди

Андан кийин Б.К. өзүнө келип 13-октябрда сыныктар бөлүмүнө которулду. Бул тууралуу баланын атасы Кубат Пазылов билдирди.

Анын айтымында, кечээ уулунун денесинде онго жакын жерине операция жасалды.

«Бекжанды 5-6 ит талаптыр. Азыр иттердин ээлери изделип жатат. Бир иттин ээси табылбай жатат. Мен ооруканада баламдын жанынан чыга албай карап отурам. Иттердин ээси табылса, тиешелүү адистер иттердин баарын текшерип, чара колдонула турган болсо тиешелүү аракеттерди көрүшөт», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×